ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Хакан Фидан Түркиянын Пакистан жээктеринде мунай чалгындоо иштерин баштаарын айтты
Эки өлкө стратегиялык байланыштарын тарыхый келишим менен бекемдөөгө даярданууда.
Хакан Фидан Түркиянын Пакистан жээктеринде мунай чалгындоо иштерин баштаарын айтты
Turkish and Pakistani firms will be able to jointly explore oil and gas in Pakistan’s offshore zones. (Photo: AA) / AA
9 Июль 2025

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Исламабадга жасаган расмий сапарында түрк фирмаларынын Пакистан жээктеринде мунай жана жаратылыш газын чалгындоо иштерин жүргүзө турганын билдирди.

Шаршемби күнү Пакистандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухаммед Исхак Дар менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Фидан Анкаранын Исламабад менен өзгөчө стратегиялык тармактарда экономикалык жана энергетикалык карым-катнаштарын тереңдетүү ниетин баса белгиледи.

“Түркия менен Пакистан эки тараптуу соода көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү үчүн иштеп жатышат,” - деген Фидан “Тоо-кен, мунай, жаратылыш газы жана сейрек кездешүүчү элементтер сыяктуу негизги тармактарда да кызматташтык механизмдерин баалоодобуз” деп айтты.

Фидан апрель айында Түркиянын Мунай Корпорациясы (TPAO) менен Пакистандын улуттук мунай компанияларынын ортосунда кол коюлган энергетикалык келишимди эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүдө “өтө маанилүү кадам” катары мүнөздөдү.

Бул келишимдин негизинде түрк жана пакистандык фирмалар Пакистандын деңиз аймактарында биргелешкен мунай жана газ чалгындоо иштерин жүргүзө алышат. Бул Түркия-Пакистан энергетика кызматташтыгынын тарыхында болуп көрбөгөндөй кадам болуп саналат.

Өнөктөштүктү бекемдөө

Исхак Дар Исламабад менен Анкаранын экономика, коргоо өнөр жайы, энергетика, инфраструктура сыяктуу ар түрдүү тармактарда кызматташтыкты дагы да бекемдөөгө макулдашканын айтты.

Түрк коргоо өнөр жайын мактаган Дар, Исламабаддын стратегиялык жана коргонуу өнөр жайы боюнча учурдагы кызматташтыкты дагы да күчтөндүрүүнү жана аймакта тынчтык менен ырааттуулукту шыктандырууну каалаганын баса белгиледи.

Эки тараптын терроризмге каршы күрөшүүдө потенциалды арттыруу сыяктуу ар түрдүү иш-аракеттерге “активдүү” катышып жатканын айткан Дар, түрк компаниялары энергетика секторундагы бөлүштүрүү компанияларын менчиктештирүү иштерине да катышарын кошумчалады.

Атайын экономикалык зона

Дар, эки тараптын түрк ишкерлери үчүн Карачи жана Стамбулда атайын экономикалык аймак түзүүнү көздөп жатканын айтып: “Кемелерди демонтаждоо жана сактоо, ошондой эле айыл чарба суусун натыйжалуу пайдалануу сыяктуу тармактарда түрк тажрыйбасынан жана адистигинен пайда көрүү үчүн активдүү иштеп жатабыз,” - деди.

Исламабад менен Анкаранын 11 жылдык арадан кийин биргелешкен министрлер комиссиясын кайра жандандырууга макулдашканын, аны Пакистандын соода министри Жем Кемал менен Түркиянын коргоо министри Яшар Гүлер жетектей турганын билдирди.

Дар: “Бул иштердин баары келерки жылы Түркияда өтө турган сегизинчи Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңеши үчүн бекем пайдубалды түзөт”,-деди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us