САЯСАТ
5 мүнөт окуу
Глобалдык нааразычылык күч алууда: Израилдин түнкү чабуулдары Газада жүздөгөн өмүрдү кыйды
Израил Палестинанын каршылык көрсөтүүчү Хамас тобу менен эки айга созулган ок атышпоону бузуп, Газага масштабдуу чабуулун баштады. Кеминде 404 палестиналык набыт болуп, 562си жараат алды.
Глобалдык нааразычылык күч алууда: Израилдин түнкү чабуулдары Газада жүздөгөн өмүрдү кыйды
IИзраилдин түнкү чабуулдары Газада жүздөгөн өмүрдү кыйды / AP
19 Март 2025

Израил менен Палестинанын каршылык көрсөтүүчү Хамас тобунун ортосундагы ок атышпоонун салыштырмалуу тынчтыгы шейшемби күнү эртең менен Израил армиясы Газадагы буталарга ондогон чабуулдарды баштаганда күтүүсүз аяктады.

Палестиналык оорукананын жетекчилери каза болгондордун саны 400дөн ашканын, каза болгондордун арасында аялдар менен балдар да бар экенин билдирди. Израилдин айтымында, операция мөөнөтсүз жана кеңейиши күтүлүүдө, бул 17 айга созулган согуштун толук масштабдуу кайра тутанышы мүмкүн деген кооптонууну жаратты.

Израилдин кандуу чабуулуна реакциялар төмөнкүлөрдү камтыйт:

Түркия

Түркия палестиналыктардын массалык түрдө өлтүрүлүшү Нетаньяху өкмөтүнүн «геноцид саясатынын» жаңы баскычы болгонун белгиледи.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүндө: «Израиль эл аралык укукту жана универсалдуу баалуулуктарды эң олуттуу түрдө бузуу менен адамзатты көзгө илбей калды»,делди.

Билдирүүдө ошондой эле эл аралык тынчтык аракеттери күчөп турган учурда Израилдин агрессивдүү аракеттери аймактык стабилдүүлүккө коркунуч келтирип жатканы баса белгиленди.

 Анда «Мындай агрессия аймактын келечегине коркунуч туудурат. Израилдин зордук-зомбулуктун жаңы чырмоогун жаратышы кабыл алынгыс»,-деп айтылды.

Анкара Газага гуманитардык жардам жөнөтүү жана туруктуу ок атышпоо үчүн шашылыш чара көрүлүшү керектигин айтып, эл аралык коомчулукту Израилге каршы ачык позицияда болууга чакырды.

Хамас

Хамастын жогорку даражалуу өкүлү Иззат ал-Ришк араб жана мусулман өлкөлөрүн жана эркиндикти жактаган дүйнө элин «Газа элине карай сионисттик кыргын согушунун кайра башталышына каршы үндөрүн көтөрүү үчүн көчөлөргө жана аянттарга чыгууга» чакырды.

Ришк: «Нетаньяху аларга тамак-аш жана дары-дармек жөнөтүлүшүнө тоскоол болуп эле тим болбостон, Газанын балдарын уктап жатканда бомбалап өлтүрдү»,-деди.

Ришк Нетаньяхунун Газага карай согушту жаңыртуу чечимин «баскынчылык туткундарын курмандыкка чалуу жана аларга өлүм жазасын киргизүү чечими» деп билдирди.

Ришк дүйнөлүк лидерлерди жана ортомчуларды Израилдин аракеттерин ачыкка чыгарууга жана жаңжалды кайра тутанткан Нетаньяхуну жоопкерчиликке тартууга чакырып: «Аскердик репрессиялар жана ырайымсыз сионисттик агрессия эч качан биздин элибиздин эркин жана биздин каршылык көрсөтүүнү сындыра албайт», - деди.

TRT Global - Hamas calls on free people of the world to protest against renewed Israeli aggression

TRT Global - Hamas urges mediators to hold Israel accountable for violating the agreement and calls on the UN Security Council to convene urgently to enforce a halt to Israel’s brutal attacks.

🔗

 Палестинанын тышкы иштер министрлиги

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги Израилдин Газадагы жарандарга кол салуусун «Газаны кайра куруу боюнча эл аралык аракеттерге тоскоолдук кылуу жана ок атышууну токтотуу боюнча милдеттенмелерди аткарбоо» деп мүнөздөдү.

«Саясий чечимдер тынчтыкты калыбына келтирүүнүн, чабуулдарды токтотуунун жана жаңжалды чечүү үчүн саясий горизонтту ачуунун ачкычы» деп айтылат.

«Биз эл аралык коомчулукту агрессияны токтоосуз токтотуу үчүн ачык позицияны карманууга чакырабыз жана оккупациянын биздин элди көчүрүү пландарын ишке ашыруу аракетине каршы эскертебиз»,-деп айтылат билдирүүдө.

Йемен

Йемендик хуситтер Израилдин палестиналыктарга карай жаңы чабуулуна жооп иретинде өз операцияларын күчөтөрүн жана Кызыл деңиздеги израилдик кемелерге кайрадан кол сала турганы менен коркутушту.

Хуситтердин жогорку саясий кеңешинин билдирүүсүндө:  «Биз сионисттик душмандын Газа тилкесиндеги чабуулдарын кайра баштоосун айыптайбыз»,- деп айтылат.

«Палестина эли бул күрөштө жалгыз калбайт, Йемен колдоосун арттырат жана каршы туруу кадамдарын ылдамдатат»,-деп айтылат.

Египет

 Египеттин Тышкы иштер министрлиги Израилдин кандуу аба соккусун 19-январда күчүнө кирген ок атышпоо келишимин  «ачык бузуу» катары баалады.

Билдирүүдө бул кол салуулардын «аймактын ырааттуулугун олуттуу коркунучка салган кооптуу чыңалуу» болгонун жана Египеттин Катар жана АКШ менен бирге Газа тилкесинде ок атышпоого ортомчулук кылганы белгиленди.

БУУ

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Израилдин Газага жасаган акыркы аба соккуларында жүздөгөн палестиналыктын, өзгөчө аялдар менен балдардын өлүмүнө шок болгонун билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун басма сөз катчысынын орун басары Фархан Хак билдирүүсүндө, «башкы катчы ок атышууну токтоосуз токтотууну, гуманитардык жардамды үзгүлтүксүз улантууну жана барымтада калгандарды бошотууну катуу талап кылганын» билдирди.

БУУнун адам укуктары боюнча комиссары Фолькер Түрк да Израилдин Газага соңку аба соккулары «трагедияга трагедия кошо турганын» айтып, курчоого алынган тилкедеги «албарстыны» токтоосуз токтотууга чакырды.

Түрк, акыркы 18 айдагы зомбулуктун «бул кризистен чыгуунун аскерий жолу жок» экенин ачык көрсөткөнүн, жалгыз чечимдин эл аралык укуктун алкагында саясий келишим экенин айтты.

Швейцария

 Швейцариянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин  Газага жасаган аба соккуларынан кийин ок атышпоо режимине кайтууга чакырды.

«Биз бардык барымтадагылардын бошотулушун жана гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жеткирилишин талап кылабыз»,-деп айтылган билдирүүдө «Жарандыктарды коргоо милдети эскертилди».

Орусия

Орусия Израилдин Газага кол салууларынын күчөшү потенциалдуу «эскалация чырмоогун» жаратышы мүмкүн деп эскертти.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москвада: «Кырдаалдагы акыркы баш аламандык курчуган чырмоокко алып келиши мүмкүн, бул бизди тынчсыздандырууда»,-деди.

Песков кошумчалагандай, Москва кырдаалга абдан кылдат байкоо салып жатканын жана андан «тынчтык жолуна» кайтып келишин күткөнүн кошумчалады.

Putin lambasts Israel: War on Gaza ‘total destruction’ of Palestinians

From the Gaza war and Ukraine to Germany’s sovereignty and Moscow’s threat to use nuclear weapons, here’s what Russia’s leader thinks about some of the most burning topics globally.

🔗

Мальта

Мальтанын премьер-министри Израилдин Газага жасаган «варвардык» кол салууларын катуу айыптады.

Роберт Абела дүйшөмбүгө караган түнү Газага жасалган катуу аба соккуларынан 300дөн ашуун кишинин, өзгөчө аялдар менен балдардын өлүмүнө себеп болгонун айтты.

«Мальта өкмөтүнүн атынан мен бул жапайыча чабуулдарды катуу айыптайм», - деди ал.

 Абела: «Мен Газадагы, Украинадагы жана анын тышындагы тынчтык аракеттерин баса белгилегим келет», - деп кошумчалады.

Норвегия

Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стор: «Бул Газа эли үчүн чоң трагедия. Алардын дээрлик эч кандай коргоосу жок. Алардын көбү чатырларда жана урандылардын арасында жашап жатышат», - деди.

Стор: «Израиль бул кол салууларды баштоо үчүн жашыл жарыкка ээ жана аларды ишке ашыруу үчүн курал-жарак жана аба күчү бар деп айтууга негиз бар»,-деп айтып, бул кол салуулардын Израиль менен Хамастын ортосунда тез ок атышпоо мүмкүнчүлүгүн азайтканын кошумчалады.

Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде болсо: «Бул коркунучтуу албарсты басуусу. Тынчтыкка муктаж жана оор абалда турган Палестинанын карапайым калкы үчүн да, барымтадагы израилдик үй-бүлөлөр үчүн да, кайтып келүүнү үмүт кылган израилдик адамдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн да»,-деди.

Эйде ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр кайра башталышы үчүн жаңжал дароо токтотулушу керектигин айтты.

Австралия

Тель-Авивдин палестиналыктарга жаңы чабуулунан кийин Австралия Израилди Газадагы Палестина элинин алдындагы милдеттенмелерин аткарууга чакырды.

 «Австралия бардык тараптарды Газа тилкесинде ок атышпоо жана барымта келишиминин шарттарын урматтоого жана толук аткарууга чакырат», - деди.

«Бул келишим бардык жарандарды коргоону жана эл аралык гуманитардык мыйзамдарды сактоону камтыйт», - деп кошумчалады.

 .

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us