ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркияда аба жолу жүргүнчүсүнүн саны 2025 - жылдын биринчи жарымында 108,8 миллионго жетти
Стамбулдун аэропорттору жылдын биринчи алты айында 61,2 миллион жүргүнчүнү тосуп алып, Түркиянын туристтик борборлору 23,9 миллион жүргүнчүнү коноктоду.
Түркияда аба жолу жүргүнчүсүнүн саны  2025 - жылдын биринчи жарымында 108,8  миллионго жетти
/ AA
16 саат мурун

Транспорт министри Абдулкадир Уралоглунун билдирүүсүнө караганда, Түркияда январь-июнь айларында аба каттамын тандаган жүргүнчүлөрдүн саны 108,8 миллионго жетти.

Уралоглу бейшемби күнкү билдирүүсүндө: «Январь-июнь мезгилинде Түркиянын ар кайсы аэропортторундагы ички жүргүнчү саны 46 миллион 562 миң 512ге, эл аралык жүргүнчү саны 62 миллион 172 миң 150гө, түз транзиттик жүргүнчүлөр менен 108 миллион 811 миң 724 жүргүнчүгө кызмат көрсөттү”,- деди.

Уралоглу өткөн айда жүргүнчүлөргө жана экологияга ыңгайлуу аэропортторго конгон жана учкан учактардын саны ички каттамдарда 89 696, ал эми тышкы каттамдарда 91 608 болгонун белгилеп, жалпы учак кыймылынын 223 миң 459га жеткенин белгиледи.

"Январь-июнь айлары аралыгында аэропортторго учак конуу жана учуу ички каттамдарда 454 миң 841, тышкы каттамдарда 410 миң 226 болду. Үстүнөн өтүүлөр менен бирге 1 миллион 134 миң 447 учак кыймылына жетишилди. Аталган мезгилде үстүнөн өтүүлөрдү кошкондо тейленген учак кыймылы өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 5,7 пайызга өстү", - деп билдирди.

Уралоглу алты айдын ичинде аба жолу менен саякатка чыккан жүргүнчүлөрдүн саны Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Австрия, Бельгия, Болгария, Чехия, Дания, Хорватия, Ирландия, Швеция, Латвия, Литва, Люксембург, Венгрия, Мальта, Португалия, Словакия, Словения жана Грециянын жалпы калкынын санынан ашканын, бу мезгилде аэропорттордогу жүк ташуунун көлөмү 2,3 миллион тоннага жеткенин белгиледи.

Стамбулдун аэропорттору

Жылдын алгачкы алты айында Стамбул аэропортундагы жүргүнчүлөрдүн саны 39,1 миллионго жетти. Анын 8,1 миллиону ички каттамдарда, 30,9 миллиону эл аралык каттамдарда болгон.

Сабиха Гөкчен аэропортунда ушул эле мезгилде 22,1 миллион жүргүнчү катталды. Анын 9,6 миллиону ички каттамдарда, ал эми 12,5 миллиону тышкы каттамдарда ишке ашты.

Жылдын алгачкы алты айында Түркиянын туризм борборлорундагы (Измир, Анталия, Мугла жана Алания) аэропорттору жалпысынан 23,9 миллион жүргүнчүнү тейледи. Анын ичинен 8,5 миллиону ички каттамдарда, 15,4 миллиону эл аралык каттамдарда болгон.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us