Дүйнө
2 мүнөт окуу
Кытай соода чыңалуусунан улам АКШнын айыл чарба азыктарына каршы бажы салыктарын киргизди
Кытай АКШнын айыл чарба азыктарына, анын ичинде тоок, чочконун эти жана соя буурчактарына 15 пайызга чейин тарифтерди киргизди.
Кытай соода чыңалуусунан улам АКШнын айыл чарба азыктарына каршы бажы салыктарын киргизди
5 مارس 2025

Кытай шейшемби күнү АКШнын айыл чарба импортуна, анын ичинде тоок, чочко эти, соя жана уй эти сыяктуу негизги азыктарга 15 пайызга чейин кошумча тарифтерди киргизээрин жарыялады.

Кытайдын Соода министрлиги жарыялаган бул тарифтер 10-марттан тарта күчүнө кирет. Мындай кадам АКШ президенти Дональд Трамптын Кытай товарларына бажы төлөмдөрүн жалпысынан 20 пайызга көтөрүү чечиминен кийин болду.

Соода министрлиги, АКШдан импорттолгон тоок эти, буудай, жүгөрү жана пахта сыяктуу өнүмдөргө 15 пайыз, сорго, соя, чочконун эти, уй эти, деңиз азыктары, мөмө-жемиш, жашылча жана сүт азыктарына 10 пайыз кошумча салык салынаарын жарыялады.

15 АКШ компаниясы ишенимсиз ишканалардын тизмесине кошулду

Кошумчалай кетсек, шейшемби күнү Кытай 15 америкалык компанияны "ишенимсиз ишканалар" тизмесине кошту. Бул тизмеге кирген компанияларга Кытайга байланыштуу импорттук же экспорттук иштерге катышууга жана өлкөгө жаңы инвестиция салууга тыюу салынышы мүмкүн.

Соода министрлиги "Кытай өзүнүн улуттук коопсуздугуна жана кызыкчылыктарына коркунуч туудурган АКШнын 15 мекемесин экспорттук көзөмөл тизмесине киргизди жана бул компанияларга кош максатта колдонулуучу өнүмдөрдү экспорттоого тыюу салууда", - деп билдирди.

Январь айында Кытай өзүнүн жарым өткөргүч тармагына АКШ өкмөтүнүн субсидияларын иликтөөнү чечти; бул субсидиялар Кытайдын жетилген түйүн чип өндүрүүчүлөрүнө зыян келтирди деп болжолдонгон.

Тайвандын АКШга 100 миллиард долларлык инвестициясы

Бул жагдайлар менен катар, президент Дональд Трамп тайвандык чип чыгаруучу TSMC комапаниясынын Америка Кошмо Штаттарына "заманбап" өндүрүш ишканаларын куруу үчүн кеминде 100 миллиард долларлык инвестиция сала турганын билдирди. Бул жарыя Трамп кызматка кайтып келгенден берки жеке компаниянын ири каржылык милдеттенмелеринин бири катары жарыяланды.

TSMCтин жаңы инвестициясы өзүнүн учурдагы милдеттенмелерине негизделет жана "заманбап беш өндүрүш объектисин" курууга жумшалат. Бул тууралуу Трамп Ак үйдөгү иш-чарада TSMC башчысы C.C. Вей менен бирге кабарлады.

Трамп бул инвестициялардын көпчүлүгүнүн Аризона штатына багыттала турганын жана бул инвестициялардын «миңдеген» жогорку маяналуу жумуш орундарын түзө турганын айтты.

TSMC Тайвандан көбүрөөк өндүрүш кылуусу үчүн көптөн бери кысымга кабылган; анткени Кытай менен ыктымалдуу конфликтте маанилүү технологиялык камсыздоо токтотулат деген кооптонуулар бар эле.

Компания мурдагы президент Джо Байдендин тушунда Аризонадагы үч фабрикага 65 миллиард доллардан ашык инвестиция салууга убада кылган, алардын бири 2024-жылдын аягында өндүрүшүн баштамак.

Трамп TSMC жана башка чип өндүрүүчүлөргө кысымды күчөтүп, АКШдан тышкары өндүрүлгөн бардык жарым өткөргүч микросхемаларга 25 пайыздык тарифтер киргизилиши мүмкүн экенин ачык айткан.

Иликте
Осмон империясы мезгилинде  чөккөн кеме  17 -  кылымдагы деңизчилик тарыхы тууралуу маалымат берет.
Отуз күндүк согуш: 1897-жылдагы Осмон-Грек согушу
Осмон доорунда өткөрүлгөн Рамазан жана Хузур сабактары
Оксфорд 2024-жылдын сөзүн жарыялады: "Мээ чирийт"
Лувр музейиндеги тарыхый оңдоо: "Мона Лиза" үчүн атайын бөлмө
Түрк сериалдары Түркиянын маданий байлыгын дүйнөгө таанытууда
400 жылдык Ассирия базары Түркиянын Мардин шаарында калыбына келтирилип кайрадан ачылды
Түрк өнөрпоздору Занзибардын көгүлтүр экономикасын искусство менен жандандырууда
Социалдык тармактардагы сулуулук тенденциялары жаш кыздарга зыяндуубу?
Түркия "Адилеттүү дүйнө" куруу үчүн глобалдык форумдарды баштады
"Дарыядан деңизге чейин Палестина эркин болот" деген эмнени билдирет?
Эки Палестинанын окуясы
Эл аралык кылмыш  сотунун төрагасы : «Согуштук кылмыштар соту коркунучта»
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду  ачыкка чыгарды
Голан дөңсөөлөрүнүн мааниси жана Израилдин көзөмөлдөө аракети
TRT Global'ды көрүү үчүн көз жүгүртүн. Сиздин пикирлерди бөлүшүңүз!
Contact us