ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Эрдоган : "Террорсуз Түркия жакшылыктарга себеп болот"
Президент Эрдоган: "Өлкөбүздүн коопсуздугу, элибиздин тынчтыгы жана аймагыбызда туруктуу тынчтыкты орнотуу үчүн басып өткөн бул жолубузда Жараткан Аллах максаттарыбызга жетүүнү бизге насип кылсын", - деди.
Эрдоган : "Террорсуз Түркия жакшылыктарга себеп болот"
/ AA
6 саат мурун

Президент Режеп Таййип Эрдоган ПККнын бир группа террористинин куралдарын таштоосунан кийин террордон тазаланган Түркия жолунда ташталган маанилүү кадамдардын “жакшылыктарга себеп болушун” каалагандыгын айтты.

Эрдоган жума күнү Х платформасынан берген билдирүүсүндө : “Өлкөбүздүн коопсуздугу, элибиздин тынчтыгы жана аймагыбызда туруктуу тынчтыкты орнотуу үчүн басып өткөн бул жолубузда Жараткан Аллах максаттарыбызга жетүүнү бизге насип кылсын", - деди.

ПККнын бир группа террористти Ирактын түндүгүндөгү Сүлеймание облусунда куралдарын таштап жок кылышты.

Террордук уюм таркатылды

Араларында 15 аял да болгон бир группа террорист куралдарын чоң бир казандын ичинде өрттөп жок кылды.

Май айында террордук уюм таркоо жана куралдарды таштоо чечимин чыгарды. Бул билдирүү февраль айында ПККнын абактагы башчысы Абдуллах Өжаландын уюмдун жана бардык топторунун таркатылышын жана 40 жылдан ашуун убакыттан бери уланып келе жаткан куралдуу күрөштүн акырына чыгышын талап кылган бир билдрүүсүнөн кийин жасалды.

АКШ жана Европа Биримдиги тарабынан террордук уюм катары кабыл алынган ПКК акыркы 40 жылдан бери террордук аракеттери менен араларында аялдар, балдар, ымыркайлар жана карылар да болгон 40 миңден ашуун кишинин өлүмүнө себепкер болду.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us