Маданият
2 мүнөт окуу
"Joachim-Ma Stradivarius" аттуу скрипка рекорддук баага сатылды
1714-жылы жасалган Страдивариус скрипкасы аукциондо 11,3 миллион долларга сатылды.
"Joachim-Ma Stradivarius" аттуу скрипка рекорддук баага сатылды
February 28, 2025

1714-жылы Антонио Страдивари жасаган "Йоахим-Ма Страдивариус" аттуу скрипка Нью-Йорктогу аукциондо рекорддук баага сатылды. Алынган киреше New England консерваториясынын студенттерине стипендия катары берилери айтылды.

Белгилүү скрипка чебери Антонио Страдивари тарабынан 1714-жылы өндүрүлгөн «Йоахим-Ма Страдивариус» аттуу скрипка Нью-Йоркто өткөрүлгөн аукциондо 11,3 миллион долларга сатылды. Скрипка Sotheby's аукционунда 12 миллион доллардан 18 миллион долларга чейин сатылат деп күтүлгөн. Бирок бул көрсөткүч күтүлгөндөн да аз болду.

"Иоахим-Ма Страдивариус" Страдиваринин "Алтын доору" деп аталган мезгилде, ал өзүнүн чеберчилигинин жана акустикалык жөндөмүнүн туу чокусуна жеткенде өндүрүлгөн. Скрипканын баалуулугун арттырган дагы бир жагдай – атактуу композитор Йоханнес Брамстын «Д Major скрипка концертин» жазганда ушул скрипкадан таасирленген деген ишеним бар. Бул скрипка 1879-жылы концерттин бет ачарында да колдонулган.

Sotheby'sтин жетекчиси Мари-Клаудия Хименес: «Бул укмуштуудай скрипка чеберчиликтин туу чокусун жана классикалык музыканын тарыхын чагылдырат, анын уникалдуу үнү жана окуясы коллекционерлерди жана музыканттарды кызыктырып келет»,- деди. Ал "Иоахим-Ма Страдивариустун дүйнөлүк көңүлдү буруп, музыкалык аспап үчүн төлөнгөн эң жогорку баанын бирине жеткенин" баса белгиледи.

Аукцион 8 миллион долларлык сунуш менен башталып, тез арада 10 миллион долларга жетти. Аукциончу Филлис Као 10,5 миллион долларлык сунуштарды издеп жатканда бөлмө унчукпай турду. 10 миллион долларлык акыркы сунуштан кийин аукцион жыйынтыкталды. Акыркы баага аукцион үйүнүн акылары да кирет.

Скрипка атактуу венгриялык скрипка виртуоздору Йозеф Йоахим менен кытайлык Си-Хон Манын атынан коюлган. Манын мураскорлору скрипканы ал өлгөндөн кийин Бостондогу Жаңы Англия консерваториясына белекке берген. Консерватория түшкөн кирешени студенттердин стипендиясына жумшайт.

Жаңы Англия консерваториясынын башчысы Андреа Калин: "Бул сатуу келечектеги студенттер үчүн өзгөрүүчү таасирин тийгизет жана New England консерваториясында эң чоң бир аталыштагы стипендиялык фондду түзөт" деди. Калин: «Иоахим-Ма Страдивариустун кампуста болушу сыймык жана анын мурасынын дүйнөлүк аренада уланышын чыдамсыздык менен күтөбүз»,-деди.

Иликте
Осмон империясы мезгилинде  чөккөн кеме  17 -  кылымдагы деңизчилик тарыхы тууралуу маалымат берет.
Отуз күндүк согуш: 1897-жылдагы Осмон-Грек согушу
Осмон доорунда өткөрүлгөн Рамазан жана Хузур сабактары
Оксфорд 2024-жылдын сөзүн жарыялады: "Мээ чирийт"
Лувр музейиндеги тарыхый оңдоо: "Мона Лиза" үчүн атайын бөлмө
Түрк сериалдары Түркиянын маданий байлыгын дүйнөгө таанытууда
400 жылдык Ассирия базары Түркиянын Мардин шаарында калыбына келтирилип кайрадан ачылды
Түрк өнөрпоздору Занзибардын көгүлтүр экономикасын искусство менен жандандырууда
Социалдык тармактардагы сулуулук тенденциялары жаш кыздарга зыяндуубу?
Түркия "Адилеттүү дүйнө" куруу үчүн глобалдык форумдарды баштады
"Дарыядан деңизге чейин Палестина эркин болот" деген эмнени билдирет?
Эки Палестинанын окуясы
Эл аралык кылмыш  сотунун төрагасы : «Согуштук кылмыштар соту коркунучта»
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду  ачыкка чыгарды
Голан дөңсөөлөрүнүн мааниси жана Израилдин көзөмөлдөө аракети
TRT Global'ды көрүү үчүн көз жүгүртүн. Сиздин пикирлерди бөлүшүңүз!
Contact us