АКШнын президенти Дональд Трамп: «АКШнын эки өзөктүк суу астында жүрүүчү кайыгы «болушу керек болгон жерге» жетти»,-деп билдирди . Бул чечимди ал Орусиянын мурдагы лидери Дмитрий Медведевдин билдирүүлөрүнөн кийин кабыл алган.
«Алар аймакта, ооба, алар болушу керек болгон жерде», – деп Трамп жекшемби күнү Нью-Жерсидеги гольф курортунан кайтып келе жатып журналисттерге айтты. Бул суу астында жүрүүчү кайыктардын жайгашкан жери тууралуу суроого жооп берип жатып айтылды.
Трамп буга чейин Медведев менен сөздөрдүн курчушу учурунда эки өзөктүк суу астында жүрүүчү кайыкты «тиешелүү аймактарга» жайгаштыруу буйругун бергенин билдирген.
Өткөн дүйшөмбүдө Медведев Трампка каршы чыгып, АКШ президентинин Кремлге Украинадагы согуш боюнча басымы Орусия менен АКШнын ортосунда кеңири жаңжалга алып келиши мүмкүн деп эскерткен.
Бул Трамптын Орусияны Украинадагы согушту «10 же 12 күндүн ичинде» токтотпосо санкциялар жана кошумча тарифтер менен коркутканынан кийин болду. Бул мөөнөт июль айында белгиленген 50 күндүк мөөнөттөн кыйла эрте.

Москва санкцияларды айланып өтүү жагынан «дасыккан»
Трамп Орусия «санкциялардан качууда абдан дасыккан» экенин айтып, «Эгер адамдардын өлүмүн токтото турган келишим болсо, алар санкциялардан качып кутула алышат» деп кошумчалады.
Трамп журналисттерге билдирүүсүндө: «Санкциялар болот, бирок алар санкцияларды айланып өтүүдө мыкты көрүнөт», – деп айтты.
«Орус аскерлеринин чоң саны өлүп жатат, ошондой эле Украинада – аз болсо да, миңдеген адамдар… Бул акылга сыйбаган согушта көптөгөн адамдар өлүп жатат», – деп кошумчалады ал.
Трамп Украинадагы согушту токтотуу каалоосун дагы бир жолу белгиледи.
«Биз көптөгөн өлкөлөрдү согуштан токтоттук… Биз бул (Орусия-Украина) согушун да токтотобуз», – деди ал.
Трамп ошондой эле анын атайын өкүлү Стив Виткофф АКШнын санкцияларынын мөөнөтү жакындап калганда, кийинки жумада Орусияга барарын айтты.
Трамп:«Виткофф, менимче, кийинки жумада, шаршемби же бейшемби күнү барат», – деп билдирди.