Кыймылдагы маданият: 7-Этноспорт фестивалы салтты, үй-бүлөнү жана глобалдык биримдикти жандандырат
МАДАНИЯТ
4 мүнөт окуу
Кыймылдагы маданият: 7-Этноспорт фестивалы салтты, үй-бүлөнү жана глобалдык биримдикти жандандырат35 өлкөдөн 1000ден ашуун спортчу катышкан иш-чара Стамбул Ататүрк аэропортун салттуу спорттун жана маданий мурастын жандуу борборуна айландырууда.
/ AA
3 саат мурун

Бул аптада Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда желектер желбиреп, аттардын дүбүртү угулуп, 7-Этноспорт маданият фестивалы башталды. Бул иш-чара салттуу оюндарын, музыкасын жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды даңазалаган түстүү майрам менен ачылды.

Дүйнөлүк Этноспорт Конфедерациясы (WEC) тарабынан уюштурулган бул төрт күндүк иш-чара 22-майда башталып, 25-майда аяктайт. Ага 35 өлкөдөн 1000ден ашуун спортчу катышып, жалпы маданий мурастарды урматтоо максатында чогулушту.

Быйылкы фестивалдын темасы “Салт үй-бүлөдөн башталат” деп аталат жана бул Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын 2025-жылды расмий түрдө “Үй-бүлө жылы” деп жарыялоо чечими менен шайкеш келет.

Фестивалдын алкагында аткаруулар, интерактивдүү мастер-класстар жана маданий көрсөтүүлөр аркылуу тарыхый баалуулуктар тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө кантип жашап, өнүгө аларын көрсөтөт.

Дүйнөлүк Этноспорт Конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган ачылыш сөзүндө фестивалдын максатын белгилеп, маданий мурастарды сактоо улуттук жана глобалдык жоопкерчилик экенин баса белгилеп:“Фестивалдын биринчи күнүндө эле элдин чоң кызыгуусун көргөнүбүзгө кубанычтабыз. Бул фестиваль өткөнгө таазим гана эмес, келечекке да көпүрө. Бул жерди бизге мекен кылган баалуулуктарды жоготпойлу, ошондо бул жер миң жыл бизге мекен болгондой эле, дагы миң жыл бизге мекен болсун. Биз бул баалуулуктарыбызды жоготпошубуз керек. Фестивалдын ишке ашуусуна салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирем”,- деди.

Эрдоган ошондой эле маданий көрүнүштөрдүн гуманитардык маанисин баса белгилеп, балдардын оюн ойноо укугун баса белгиледи:"Оюн ойноо ар бир баланын укугу. Бирок, Газа баштаган дүйнөнүн көп жерлеринде балдар бул эң негизги укуктарынан ажыратылууда. Балдардын бомбанын астында эзилишин эмес, кубаныч менен оюндарды ойногон дүйнөнү каалайбыз. Бул фестиваль, ошол эле учурда бир позициянын жана чакырыктын көрүнүшү".

2015-жылы Кыргызстанда башталган Этноспорт иш - чарасы учурда 27 өлкөдөн 42 мүчө уюмду камтыйт жана кийинки беш жылда 60 өлкөгө жетүүнү пландаштырууда.

Маданий улантууга чакырууу

Быйылкы фестивалда ат үстүндө жаа атуудан бел боо күрөшүнө чейин салттуу спорттун кеңири түрлөрү, ошондой эле Мангала жана 19 таш сыяктуу көптөн бери келе жаткан стол оюндары сунушталат. Бирок Этноспорт маданий ностальгиядан дагы көп; ошол эле учурда жаштардын арасында экранга көз карандылыктын өсүшүнө заманбап жооп катары сунушталууда.

Президент Эрдоган менен Түркия жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бак фестивалдын ачылышына катышып, иш-чаранын жаштарды тартуудагы маанисин белгиледи: Балдарыбыздын жана жаштарыбыздын бул фестивалга чоң кызыгуусу бизди абдан кубантты. Маданияттын уланышы өлкөбүздүн эң маанилүү салттарынын бири. Дүйнөлүк этноспорт федерациясына бул баалуулуктарды жандандырганы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Президентибиздин колдоосу менен биз күчтүү, тамыры терең жана таасирдүү муунду куруп жатабыз. Спорт, салттар жана маданий өзгөчөлүк – баары бир бүтүндүктүн бөлүгү”,- деди.

Бак Газа маселесине көңүл буруп: "Газаны жана Палестинаны эч качан унутпайлы. Балдар өлтүрүлүп жатканда баарыңардын үнүңөр чыгышы керек. Балдардын ойноого укугу бар дүйнө үчүн үнүбүздү көтөрөлү", - деди."

Эс тутум жана иденттүүлүк мозаикасы

Фестивалдын катышуучуларынын арасында изилдөөчү жана жазуучу Айше Нур Менекше да бар эле. Ал элдик аспаптардын үндөрү жана кийиз боз үйлөрдөн чыккан жыттар менен курчалган атмосферадан таасирленгенин TRT Worldго билдирип:"Бул жөн гана мурастын көргөзмөсү эмес, бул инсандыктын мозаикасы болчу. Фестиваль биздин өтмүшүбүздөн келечегибизге карай маданий көпүрө сыяктуу сезилди. Тамырыбызды санариптештирүүгө жоготуп алуудан корккон доордо, бул таандыктыкка негизделген жандануу болду”- деди.

“Ар кайсы улуттардын бирге аткарып, бөлүшүп, күлүп жатканын көрүү абдан таасирдүү болду. Кыргыз жана казак боз үйлөрүн аралап жүрүп, Борбордук Азиядагы бир туугандарыбыз менен кол кармашып, талааларда эркин ат чапкандай элестеттим. Бул өмүр бою эстен кеткис учур болду”,- деп кошумчалады.

Фестиваль өткөн аянтта коноктор жаа атуу, салттуу күрөш жана ат минүү сыяктуу иш-чараларга катышты. Балдар элдик жомокторду угуп, чоңдор кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстарына катышып, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген тамак-аштардан даам татышты.

Быйылкы фестивалдын жаңы өзгөчөлүгү – “Үй-бүлө Оба” деп аталган атайын мейкиндик, бул жерде үй-бүлөлөр кол өнөрчүлүк менен алектенип, мурастар тууралуу баяндарды угуп, муундар аралык байланышты бекемдеген оюндарды ойношот.

Карабах аттарынын укмуштуудай акробатикалык көрсөтүүлөрү жана Музыкалык аспаптар музейинен чыккан обондор менен оюнчуктар көргөзмөсүнүн үндөрү фестивалдын терең максатын ачып берди: маданиятты сактоо гана эмес, аны дем алдыруу, өнүктүрүү жана чек аралар аркылуу адамдарды байланыштыруу.

“Ар бир боз үй бир окуяны айтып турду,” – дейт Айше Нур Менекше. “Ар бир обон өздүктү алып жүрдү. Ар бир оюн баалуулукту өткөрүп берди.”

Жазуучу Мелике Гүнйүз үчүн бул Этноспорт фестивалына биринчи жолу катышуу болду жана ал өзүнүн таасирлерин TRT World менен бөлүштү:“Атмосфера абдан толкундантты. Айрыкча Азербайжандан келген Карабах командасы укмуштуудай болду - музыканттар, элдик оюн-зоокчулар жана ат спортунун чеберлери биргелешип аткарган толук ансамбль. Мени баарынан да аялдардын ат үстүндөгү бул акробатикалык көрсөтүүлөргө катышканы таасирлентти”,- деди.

Гүнйүз үчүн бул иш-чаранын жыйынтыгы жөнөкөй, бирок терең маанилүү экенин айтып : "Мен өзүмө тынымсыз суроо берип жаттым: Эмнеге мен буга чейин бул жакка келген эмесмин? Ар бир бала жана ар бир жаш муну башынан өткөрүшү керек. Бул жөн гана иш-чара эмес — бул ичиңизде калган сезим”,- деди.

25-майга чейин акысыз кирүү менен өтүп жаткан 7-Этноспорт маданият фестивалы коомчулукту салттын рухун сезүүгө, угууга, даам татууга жана жашоого чакырат.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us