САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Эрдоган ШКУнун жыйынынын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту
Түрк жана Кытай лидерлери технология, инвестиция, "Ортоңку коридор" жана "Бир алкак, бир жол" демилгеси аркылуу кызматташтыкты арттырууну талкуулашты.
Эрдоган ШКУнун жыйынынын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту
Эрдоган тең салмактуу жана туруктуу сооданын зарылдыгын баса белгиледи. / AA
16 саат мурун

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Кытайдын Тяньцзинь шаарында өткөн саммит учурунда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугуп эки тараптуу мамилелерди сүйлөштү.

Жекшемби күнү болгон жолугушуу Шанхай Кызматташтык Уюмунун 25-саммитинин алкагында өтүп, эки тарап тең соода, инвестиция жана аймактык стабилдүүлүк темаларына көңүл бурушту.

Президент Эрдоган экономикалык байланыштарды туруктуу жана тең салмактуу инвестициялар аркылуу бекемдөө керектигин баса белгилеп, сооданын гана узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыздай албай турганын айтты.

“Эки тараптуу соода тең салмактуулук жана туруктуулук үчүн инвестициялар менен колдоого алынышы керек; санариптик технологиялар, энергетика, саламаттыкты сактоо жана туризм тармактарында чоң мүмкүнчүлүктөр бар жана кытайлык компаниялардын Түркияга инвестиция салууда координациясын арттыруу пайдалуу болот,” деген билдирүү жасалды.

Механизмдерди активдүү кармоо

Президент Эрдоган аймактык байланышты бекемдөө максатында Түркиянын “Ортоңку rоридор” демилгеси менен Кытайдын “Бир алкак, Бир жол” долбоорунун көбүрөөк шайкеш келүүсү керектигин да баса белгиледи.

Эки тарап консультациялык механизмдерди активдүү кармап, үзгүлтүксүз диалог жана институционалдык кызматташтык аркылуу өнөктөштүктү бекемдөө боюнча макулдашты.

Анкара менен Бээжиндин ортосундагы стратегиялык байланыштарга басым жасаган Эрдоган “Бирдиктүү Кытай” саясатын колдоорун дагы бир жолу ырастады.

Лидерлер ошондой эле Орусия-Украина согушу, Газадагы гуманитардык кырдаал жана Сирияга байланыштуу ыктымалдуу биргелешкен кадамдар сыяктуу эл аралык кризистерди талкуулашты.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us