Чилидеги Эль-Теньенте жез кенинин жарым-жартылай уроосунун натыйжасында камалып калган алты шахтердун баарынын каза болгону жарыяланды.
Бул тууралуу Чилинин El Mercurio On-Line гезити жекшемби күнү берген кабарына караганда прокурор Акилес Кубийос :«Бүгүн, саат 15:30да, Эль-Теньенте кенинен акыркы жоголгон жумушчуну таптык», – деп билдирди.
Бул билдирүү бешемби күнү дүйнөнүн эң чоң жез шахтасында болгон уроодон эч ким кутула алган жок дегенди билдирет.
Кенди иштеткен Чилинин Улуттук жез корпорациясы (Codelco) кырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө "терең кайгыруу” менен көңүл айтты.
Кырсык Андесита долбоорунун туннелинде 4,2 баллдык жер титирөөнүн натыйжасында болгон. Бул жер титирөө кен казуу аракеттеринен улам келип чыккан.
Эль-Теньенте, Чилинин мамлекеттик Codelco компаниясы тарабынан иштетилген, 4500 километрден ашык туннелдери менен дүйнөдөгү эң чоң жер астындагы жез кенинин запасына ээ.
Өткөн жылы бул кен 356000 метрдик тонна жез өндүргөн — бул Чилинин жалпы жез өндүрүшүнүн дээрлик жети пайызын түзөт.
Чилиде бир катар олуттуу кен казуу кырсыктары болгон, анын ичинде 1945-жылы Эль-Теньентедеги кырсыкта 355 кенчи каза тапкан жана 2010-жылы Сан-Хосе кенинде 33 жумушчу 69 күн бою туннелде калган окуялар болгон.