Австралия өкмөтү дүйшөмбү күнү Израилдин оңчул саясатчысынын визасын жокко чыгарды. Иш-чара уюштуруучулары бул чечимди "ырайымсыз антисемиттик кадам" деп аташты.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун коалициялык өкмөтүнүн мүчөсү Симча Ротман Австралия жөөт коому уюштурган иш-чараларда сөз сүйлөмөк.
Бирок ички иштер министри Тони Берк Австралия өлкөгө «бөлүнүүнү жайылтуу» үчүн келген адамдарды кабыл албайт деп билдирди.
"Эгер сиз Австралияга жек көрүү жана бөлүнүү билдирүүсүн таратуу үчүн келе жатсаңыз, биз сиздин бул жерде болушуңузду каалабайбыз" деген Берк "Австралия ар бир адам өзүн коопсуз сезе турган өлкө болот" деди.
Визасы жокко чыгарылгандыктан Ротман үч жыл бою Австралияга бара албайт.
Австралиялык жөөт ассоциациясынын башкы директору Роберт Грегори, Ротмандын визитинин максаты “антисемитизмдин толкунуна туш болгон Австралиянын жөөт коомчулугу менен тилектештикти көрсөтүү” деп билдирди.
Ал ошондой эле социалдык тармактарда "Бул сапар Жакынкы Чыгыштагы учурдагы окуяларга эч кандай тиешеси жок болчу", - деп жазды.
Грегори, Ротмандын визасынын жокко чыгарылышын "ырайымсыз антисемиттик кадам" деп атап, Австралия өкмөтүн "жөөт коомчулугун жана Израилди бутага алуу менен алпурушуп жатат деп айыптады.