Украинанын кургактык күчтөрүнүн билдирүүсүнө караганда, Россиянын Украинадагы машыгуу бөлүгүнө жасаган ракеталык кол салуусунда үч аскер каза болуп, 18и жаракат алды.
Кургактык күчтөрү Telegram аркылуу берген билдирүүсүндө : "Бүгүн 29 - июлда душман Украинанын куралдуу күчтөрүнүн кургактык күчтөрүнө караштуу машыгуу бөлүктөрү жайгашкан аймакка ракеталык кол салуу жасады",- деп айтылды.
"Коопсуздук чаралары көрүлгөнүнө карабастан, тилекке каршы, жеке курам арасында жоготууларды толугу менен алдын алуу мүмкүн болгон жок. Саат 21:30га карата үч аскер кызматкери каза болуп, 18и жаракат алды”,- деп билдирилди.
Билдирүүдө соккунун кайсы жерде болгондугу так көрсөтүлгөн эмес.
Бирок, бир нече аскердик блоггерлер чабуулдун Украинанын түндүк чек арасына жакын Чернигов облусунда болгонун болжолдошууда.
Июнь айында Россиянын Украинанын борборундагы дагы бир машыктыруу бөлүгүнө жасаган чабуулунан 12 аскер каза болуп, ондогон аскер жараланган.
Бул чабуул Украинанын кургактык күчтөрү командиринин кызматтан кетүүсүнө алып келип, командир кийинчерээк башка кызматка дайындалган.