Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган дүйшөмбү күнү Тяньцзинь шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 25-саммитинин алкагында Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Цай Ци менен жолугушту. Бул жолугушуу Анкаранын Пекин менен мамилелерди тереңдетүүгө болгон аракетин баса белгиледи.
Тяньцзинь конок үйүндө уюштурулган сый тамак, Эрдогандын Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен бир күн мурда өткөргөн эки тараптуу сүйлөшүүсүнөн кийин болду.
Эрдоган: “Кечээки жолугушууда президент Сиге өлкөңүз менен бардык тармакта кызматташууну өнүктүрүү чечкиндүүлүгүбүздү баса белгиледик,” – деди.
Түркиянын көп тараптуу платформаларда да Кытай менен карым-катнаштарын күчтөндүрүүнү максат кылганын айткан Эрдоган: «Биз бул кызматташтыкты Бириккен Улуттар Уюму, Чоң жыйырмалык, БРИКС сыяктуу платформаларда да бекемдөөнү каалайбыз. Шанхай Кызматташтык Уюму менен мамилелерибизди өнүктүрүүдө сиздердин колдооңуздардын уланышын күтүп жатабыз»,-деди.
Эрдоган экономикалык карым-катнаштардын алкагында Анкаранын Кытай менен 50 миллиард долларды түзгөн соода көлөмүн «тең салмактуу жана туруктуу түрдө» көбөйтүүнү максат кылганын айтып, соода тартыштыгын кыскартууга кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушууга тышкы иштер министри Хакан Фидан, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар, казына жана каржы министри Мехмет Шимшек, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр, соода министри Өмер Болат, Улуттук чалгындоо уюмунун башчысы Ибрахим Калын да катышты.