Израилдин күчтөрү Сириянын түштүк-батышындагы Кунейтранын түндүгүндө жайгашкан эки шаарга кирип, өлкөнүн эгемендүүлүгүн бузду.
Сириянын мамлекеттик Alikhbaria Syria TV телеканалы X платформасында жарыялаган билдирүүсүндө: "Израилдин баскынчы күчтөрүнүн патрулу Кунейтранын түндүгүндө жайгашкан Турнеже шаарына кирди" деп маалымдады.
Маалыматка ылайык, патруль "шаардын борбордук аянтында токтоп, андан соң Кунейтранын түндүк аймагындагы Хадер шаарына карай жолун уланткан", бирок кошумча маалымат берилген жок.
Ошондой эле канал Израилдин дагы бир аскердик колоннасы Тель аль-Ахмар аль-Гарби аймагынан Кунейтранын түштүк аймагындагы Аль-Асбах кыштагынын четине карай жылганын, бул учурда жергиликтүү тургундар арасында тынчсыздануу жаралганын билдирди.
2024-жылдын аягында Башар аль-Асад режими кулагандан кийин, Израиль Сириянын Голан дөңсөөсүндөгү демилитаризацияланган буфердик аймакты басып алып, 1974-жылы Сирия менен түзүлгөн ок атышууну токтотуу келишимин бузган.
Ошондой эле Израиль Сириянын аймагындагы аскердик объектилерди, анын ичинде согуштук учактарды, ракета системаларын жана абадан коргонуу жабдууларын бутага алган жүздөгөн аба соккуларын жасаганы тууралуу маалыматтар бар.