Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында террорчулардын бир катар чабуулдарынан беш полиция кызматкери каза болуп, сегизи жараат алды.
Бейшемби күнү төрт чабуул катталып, алардын үчөөндө полиция кызматкерлери жабыркаганын полиция маалымдады.
Көпчүлүк каза болгондор же жаракат алгандар бейшемби күнү эртең менен Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Жогорку Дир районунда куралчан адамдар полиция унаасын тороп, кол салган учурда болгон.
Полиция кызматкери Исмаил Хандын айтымында, бул кол салууда үч полиция кызматкери каза болуп, жетөө жаракат алган.
Пешавардын Хассан Хел аймагында куралчан адамдар автоматтык куралдар менен полиция бекетине ок чыгарышкан.
Пешавардын борбордук полиция башчысы Касим Али Хандын маалыматына ылайык, бул атышуудан бир полиция кызматкери каза болуп, дагы бири жаракат алган.
Түн ичинде дагы эки чабуул катталган: Бири Төмөнкү Дир районунун Лажбок аймагындагы полиция көзөмөл пунктунда, анда бир полиция кызматкери каза болгон; экинчиси Банну районунда болуп, ал жерде жоготуулар катталган эмес.
Пакистандагы террордук топ Техрик-и-Талибан Пакистан (ТТП) 2007-жылдан бери мамлекетке каршы күрөш жүргүзүп, өкмөттү кулатып, өздөрүнүн ислам мыйзамдарын орнотууну көздөп келет.
Чабуулдар 2022-жылдын аягында ТТП Пакистан өкмөтү менен болгон ок атышууну токтотуу келишиминен баш тарткандан кийин күчөгөн.
2024-жылы бул террордук топ өлкө боюнча 335 чабуул жасап, 520 адамдын өмүрүн алган деп Пакистандагы Тынчтыкты изилдөө институту маалымдаган.