Израилдин аскерлери акыркы үч күндүн ичинде Газанын Зейтун аймагында 300дөн ашуун үйдү кыйратышты. Бул тууралуу Газанын Жарандык коргонуу кызматы билдирип, бул аракеттерди жарандык турак жайларды атайын бутага алуу катары мүнөздөштү.
Газанын Жарандык коргонуу кызматынын өкүлү Махмуд Басал шаршемби күнү билдиргендей, Израил күчтөрү Зейтун аймагында беш же андан көп кабаттуу имараттарды бутага алып, катуу чабуулдарды жасашкан.
Ал колдонулган жарылуучу заттар жакынкы имараттардын да кыйрашына алып келгенин, айрым үйлөрдүн ичинде жашоочулар бар кезде талкаланганын айтты.
Басал:“Үйлөр алдын ала эскертүүсүз кыйратылды, ал эми катуу бомбалоо куткаруу топторунун жарадарларга жетүүсүнө тоскоолдук кылды”, – деди.
Газанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Зейтун аймагы Израилдин кандуу чабуулдарына кайра-кайра кабылып келет.
Акыркы кыйратуулар Палестина бийлиги Израилдин Газа тилкесиндеги жарандык инфраструктураны жок кылуу жана калкты көчүрүү максатындагы баскынчылык планынын бир бөлүгү катары мүнөздөгөн аракеттердин уландысы болуп саналат.
Жарандык коргонуу кызматкерлери улантылган бомбалоолордон улам көптөгөн жерлерге жетүү кыйын болуп жатканын билдиришип, урандылардын астында адамдар калып калуу коркунучу бар экенин айтышты.
Күбөлөрдүн айтымында, Зейтундун айрым бөлүктөрүндө бүтүндөй кварталдар талкаланып калган.
Израилдин Газа тилкесиндеги геноциди
2023-жылдын октябрь айында башталган Израилдин Газа тилкесиндеги кыргындары 61700дөн ашуун палестиналыктын өмүрүн алды, алардын жарымы аялдар жана балдар экенин жергиликтүү саламаттыкты сактоо органдары билдиришти.
Үйлөрдүн кыйрашы жүз миңдеген адамдарды турак-жайсыз калтырды, алардын көбү ашыкча толгон чатырларда же бузулган имараттарда баш калкалоого аргасыз болушту.
Өткөн жылдын ноябрь айында Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана мурдагы коргоо министри Йоав Галлантка каршы Газа тилкесиндеги согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча камакка алуу ордерлерин чыгарган.
Ошондой эле Израиль Эл аралык сотто геноцид иши боюнча жооп берүүдө.
Эл аралык гуманитардык уюмдар Израилдин Газа тилкесиндеги жарандык мүлктөрдү кеңири масштабда жок кылуусу эл аралык мыйзамдарды бузуп, жамааттык жазалоо жана жарандык инфраструктураны бутага алууга тыюу салынганын бир нече жолу эскертишкен.