АКШнын Иммиграция жана бажы көзөмөлү (ICE) эми мигранттарды өз өлкөлөрүнөн башка мамлекеттерге, кабыл алуучу өлкөлөрдүн коопсуздук кепилдиктери жок болсо да, алты сааттык эскертүү менен депортация кылышы мүмкүн. Бул тууралуу жекшемби күнү Вашингтон Пост гезити кабарлады.
Басылманын маалыматына ылайык, ICEнин убактылуу директору Тодд Лайонс шаршемби күнү кызматкерлерге меморандум жиберип, Жогорку Соттун акыркы чечими депортацияларды "дароо" баштоого жол ачканын билдирген. Бул чечим дипломатиялык кепилдиктер жок болсо да, мигранттарды башка өлкөлөргө жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кадимки шарттарда депортацияга кабылган адамдарга 24 сааттык эскертүү берилет, бирок "өзгөчө кырдаалдарда" бул мөөнөт алты саатка чейин кыскартылышы мүмкүн деп айтылат меморандумда.
Бул саясат мурдагы практикалардан олуттуу айырмаланат, анткени мурда адамдар үчүнчү өлкөлөргө сейрек жөнөтүлчү.
Иммиграция боюнча адвокаттар бул өзгөрүү миңдеген адамдардын, анын ичинде өз өлкөлөрүнө кайтарылганда коркунучка кабылышы мүмкүн деп эсептелгендердин коопсуздугун коркунучка салат деп эскертишүүдө.
Улуттук иммиграция боюнча соттук альянстын президенти Трина Реалмуто:"Бул саясат миңдеген адамдарды куугунтукка алуу жана кыйноо коркунучуна алып келет",-деди.
Лайонстун көрсөтмөсү АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан кабыл алынган кепилдиктердин негизинде тез арада депортация кылууга уруксат берет.

‘Өмүр менен өлүм маселелери’
Эгерде кепилдиктер жок болсо, мигранттар кыска эскертүү учурунда коркунуч жөнүндө билдирбесе, алар дагы деле депортацияланат. Эгерде коркунуч жөнүндө билдирсе, алар 24 сааттын ичинде АКШ мыйзамдары жана 1994-жылы ратификацияланган Кыйноолорго каршы Конвенциянын негизинде коргоого укуктуулугун аныктоо үчүн текшерүүдөн өтүшөт.
23-июнда Жогорку Сот бул саясатты бөгөттөгөн төмөнкү инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарган.
Каршы пикирдеги соттордун бири Соня Сотомайор: "Өмүр менен өлүм маселелеринде этияттык менен иш кылуу жакшыраак," - деп эскерткен.
Саясатка каршы чыккандар, анын ичинде адвокаттар жана мигранттарды коргоо уюмдары, меморандумда көрсөтүлгөн процедуралар мигранттарга кооптуу депортацияларга каршы күрөшүү үчүн жетиштүү убакыт же укуктук мүмкүнчүлүк бербейт деп эсептешет.
Бул боюнча иштин башкы адвокаты Саймон Сандовал-Мошенберг: "Бул категориядагы адамдар өздөрүн коопсуз деп эсептешкен," - деп билдирди.
АКШнын Коопсуздук департаменти жаңы саясаттан канча адам таасирлениши мүмкүн экенин азырынча тактаган жок.