САЯСАТ
6 мүнөт окуу
Израилдин стратегиялык оюн китеби: Сириянын түштүгүн "голандаштыруу"
Израиль Асад режиминин кулашы менен Сириянын түштүгүндө таасирин күчөтүүдө. Аймактын саясий жана коопсуздук динамикасын өз пайдасына калыптандыруу, Түркиянын ролуна каршы туруу жана бирдиктүү Сириянын кайра жаралуусуна тоскоол болууну максаттоодо.
Израилдин стратегиялык оюн китеби: Сириянын түштүгүн "голандаштыруу"
бир күн мурун

Башар Асад режиминин  2024 -  жылы 8 – декабрда кулашы Сирияда олуттуу өзгөрүүлөргө түрткү болду ; бул Израиль кризис катары эмес, аймактын стратегиялык көрүнүшүн өзүнүн кызыкчылыгы үчүн кайрадан калыптандыруу мүмкүнчүлүгү катары караган абал.

Израиль салттуу коопсуздукка багытталган мамилесинен чыгып, Сирия боюнча саясатын узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарына ылайыкташтырууга аракет кылууда. Асаддын кулашы,  бир гана тааныш “биз билген шайтан” статус-квосун жок кылуу менен эле калган жок, ошол эле учурда  жаңы белгисиздиктерди да алып келди. Алардын ичинен эң негизгиси – Түркия жана Батыш менен ымалалаш жаңы лидерликтин пайда болушу турат. Бул Израилдин оккупациясы астындагы  Голан дөңсөөлөрүндө болушу үчүн көптөн бери сакталып келген коопсуздук негиздерин жокко чыгарышы мүмкүн.

Ошол эле учурда Израиль этникалык жана сектанттык бөлүнүүлөргө дуушар болгон Сирияны башкарууга оңой жана стратегиялык жактан пайдалуу деп эсептейт. Бирок Сирия өкмөтүнүн Сирия Демократиялык Күчтөрү (СДК) менен келишим түзүп, аларды мамлекеттик түзүмдөргө интеграциялоо аракети Израилдин бул көз карашына жаңы кыйынчылыктарды жаратат. Бул кадам Дамасктын улуттук биримдигин кайрадан түзүү аракетин көрсөтүүдө жана Израилдин Сирия ичиндеги бөлүнүүлөрдү күчөтүү  стратегиясына доо кетириши мүмкүн.

Дамасктын бул аракети Түркия жана башка аймактык актерлор тарабынан колдоого алынган Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактоо демилгеси менен шайкеш келет. Бул болсо Израилдин бөлүнгөн Сирия көз карашына каршы келет.

Ливандын окуясын кайталоо: "Жакшы тосмодон" "Жакшы коңшуга"

Израилдин аймактагы мамилеси  Сириянын түштүгүн акырындык менен "голандаштырууга" жол ачып, аймакка терең тамыр жаюу үлгүсүн чагылдырат; бул тарыхый  жана заманбап стратегиялык императивдерден калыптанган траектория.

Сириядагы жарандык согушта Израилдин Сириядагы негизги коопсуздук маселеси Иран колдогон топтор болду. Израиль Өркүндөтүлгөн согуштар аралык күрөш (еврей тилинде MABAM) аркылуу толук масштабдуу согуштан качып, Хизбуллахтын курал-жарак жеткирүү жолдорун  үзгүлтүккө учуратууну жана Сириянын ичинде өнүккөн курал системаларын иштеп чыгууга тоскоол болууну максат кылган.

Бирок Ирандын жумшак күч таасири аскердик чөйрөдөн тышкары, Сирия режиминде, экономикасында,  социалдык түзүлүшүндө терең тамыр жайган. Бул Израиль үчүн татаал кыйынчылыкты жаратты жана стратегиялык кийлигишүүлөр менен буга каршы турууга аракет кылды.

Израиль 1976-жылы Ливан жарандык согушу учурунда башталган “Жакшы тосмо” саясатына таянып, коопсуздук зонасын түзүүдө. Бул стратегиянын негизги аспектиси Израиль түздөн  - түз колдоо берген, көпчүлүгү христиандардан турган жана Түштүк Ливанда прокси күч катары кызмат кылган Түштүк Ливан Армиясы (SLA) болгон.  SLA Израиль өзү белгилеген коопсуздук аймагында  2000 - жылы чегингенге чейин коопсуздукту сактап келген.

Израиль гуманитардык жардам деген аттын астында, өзгөчө түштүктө жашаган жергиликтүү калктарга медициналык жардам жана буюмдарды жеткирүү менен Метулага жакын Фатима капкасында болгондой чек ара тышында карым  - катнаш түздү. Бул Израилдин кагылышуу жараткан коопсуздук жана башкаруу боштугун стратегиялык жактан толтурулушуна мүмкүнчүлүк берүү менен эле калган жок, ошол эле учурда жергиликтүү калктын жакшы ниетине ээ болуп аймактык таасирин күчөтүүсүнө да жардам берди.

Жакшы тосмо саясаты адегенде гуманитардык демилге катары түзүлгөн болсо да, Израилдин Ливандын түштүгүндө көпкө болушу Хизбуллахтын  күчөшүнө салым кошкон; бул Израилдин Сириядагы азыркы стратегиясы үчүн маанилүү сабак болууну улантууда.

Ушул алкактын ичинде Израиль коопсуздук жана саясий кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу үчүн акылдуу күчтөн пайдаланып эки этаптуу мамилени жүргүздү. Сириядагы кагылышуу динамикалары Ливандагыларга окшогон сайын Израиль тааныш тактикаларын кайталады жана  2013 -  жылдан тарта Сириянын ичинде гуманитардык операцияларды баштады. Бул аракеттер андан кийин  2016 -  жылы «Жакшы коңшулук операциясына» айланды.

Бул демилгенин негизинде Израиль Кунейтра, Дераа жана Сүвейдени да камтыган кенен бир аянтта иш алып барган куралдуу топторго гуманитардык жана аскердик жардам берип, көрүнүштө Батыш менен шайкеш келген, либералдык аймак түзүүнү максат кылды. Бирок Түркиянын аймактагы таасири жана Россиянын Асад менен болгон союздаштыгы Израилдин бул пландарын ишке ашырууга тоскоол болду.

2017-жылы Россиянын ортомчулугу менен Израиль режимдин Сириянын түштүгүнө кайтып келишине макул болуп, Иран колдогон элементтерди чек араларадан кеминде 80 чакырым алыстыкта ​​кармап, аймактагы аракеттерин чектеген болду.

Сирияны бөлүп – жаруу: Израилдин түштүгүндөгү көпкө созулган оюну

7- октябрдан кийин болгон окуялар, катуу чындыкты ортого салды; Израилдин МАВАМ  алкагындагы "кечиктирбөө стратегиясы" Хизбуллах жана  аймактагы Иран колдогон башка элементтерди таасирдүү түдө токтото алган жок.

Асад режиминин күтүлбөгөн жерден кулашы жана Россия менен Ирандын азайган таасири Израиль үчүн коопсуздук боюнча оң жыйынтыктарды жаратса да жаңы стратегиялык дилеммаларды да алып келди. Эң көп кооптондурган нерсе Түркия жана Батыш менен шайкеш келген, Сириянын калкынын басымдуу бөлүгүн түзгөн жана Израилге тикелей аскердик коркунуч туудурбаган жаңы Сирия жетекчилигинин пайда болушу. Мындай өкмөт Израиль Голан дөңсөөлөрүн оккупациялоону улантып жаткандыктан коопсуздук негиздерин жок кылышы мүмкүн.

Бул коркунучту  байкаган Израиль жаңы администрацияны ылдам түрдө мыйзамсыз деп жарыялап ; аны «террор» деп белгиледи жана коопсуздук  коркутуулар деген шылтоо менен мурас калган аскердик инфраструктурага каршы кол салууларды баштады. Парадоксалдуу жагдай, коопсуздук тынчсыздануулары күчөп турган шартта Израиль басып алган Голандагы калкты эки эсеге көбөйтүү планын жарыялады жана бул анын оккупацияга болгон чечкиндүү берилгендигин көрсөтүүдө.

Көптөгөн жылдардан бери аймакка инвестиция салган Израиль Россиянын чегинүүсүнөн пайдаланып  1974 – жылдагы Бөлүнүү линиясынын басып алуудан чыгып, Деранын сууга бай аймактарына жайылууну максат кылууда. Белгилей кетсек, булар Израиль 2013-жылдан бери гуманитардык операцияларды жүргүзүп келе жаткан аймактар, анын бул жерде болушу узак мөөнөттүү стратегиялык мүнөзүн баса белгилейт.

Бул территориялык кеңейүүнүн расмий негиздемеси Израилдин коопсуздугу жана дүрзи жамааттарынын коргоонуусу болууну улантууда. Бирок Израилдин аракеттери Дамаскка ачык билдирүү жөнөтүүдө: түштүктөгү көзөмөлдү калыбына келтирүү аракети күч менен ишке ашаруу болууда.

Бул этапта Израилдин узак мөөнөттүү максаты ачык; келечекте коопсуздукка коркунуч туудурган күчтүү, бирдиктүү Сириянын көтөрүлүшүнө жол бербөөнү көздөйт. Буга жетишүүнүн эң эффективдүү жолу Сирияны алсыз, бөлүнгөн саясий түзүлүштөргө бөлүү жана Дамасктагы бир дагы борбордук бийликтин  Израилдин түндүктөгү позициясына шек келтире албасын камсыз кылуу.

Бул стратегия ошол эле  Израилдин көзөмөлүн басып алынган Голан дөңсөөлөрүнүн чегинен тышкары жайылтуу жана Сириянын түштүгүндөгү “голандаштырууну” күчтөндүрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат; бул тарыхый үлгүлөр жана заманбап геосаясий эсептөөлөрдүн негизинде калыптанган траектория.

Сирия, Түркия жана Израиль

Өзүнүн коопсуздук доктринасына таянган Израиль көптөн бери Жакынкы Чыгыштагы азчылык топторун коопсуздук стратегиясында ажырагыс өнөктөш катары карап келет. Израилдин бөлүнүп - жарылган Сирияга карата көз карашынын негизги бөлүгү ПЙД/ЙПГ террордук уюму формасында калыптанган түзүлүш.

Израиль Сирияны бөлүп-жаруу аркылуу күчтүү жана бирдиктүү Сириянын пайда болушуна жол бербөөнү көздөйт. Бул стратегия Сирияны алсыз жана бөлүнгөн саясий түзүмдөргө айландырууну максат кылат. Ошондой эле Израиль Голан дөңсөөлөрүнөн тышкары аймактарды көзөмөлдөөнү кеңейтүүгө аракет кылууда.

Түркия болсо Израилдин бул максаттарына каршы туруп, аймактагы туруктуулукту сактоо аракетинде.

Израиль азчылык топторду колдоо аркылуу өзүнүн аймактык таасирин кеңейтүүгө аракет кылса да, Түркиянын күчтүү аскердик жана дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрү Израилдин бул пландарын ишке ашырууга тоскоол болууда.

Израилдин түштүк Сириядагы өзгөрүп жаткан мамилеси анын кеңири геосаясий көз карашын чагылдырат. Бирок Түркиянын стратегиялык чаралары жана аймактык туруктуулукка болгон аракети Израилдин бул максаттарын ишке ашырууга олуттуу тоскоолдук жаратууда. Бирок Түркиянын стратегиялык каршы чаралары жана аймактык туруктуулук менен болгон байланышы Израилдин амбицияларына карата күчтүү тең салмактоочу функциясын аткарууда жана Сириянын "Голандаштыруусун аймактык күч  тең салмактуулугун өзгөртүү аракетине карабастан, Израиль үчүн жетүүгө болбой турган жыйынтыкка айлантууда.

Иликте
Осмон империясы мезгилинде  чөккөн кеме  17 -  кылымдагы деңизчилик тарыхы тууралуу маалымат берет.
Отуз күндүк согуш: 1897-жылдагы Осмон-Грек согушу
Осмон доорунда өткөрүлгөн Рамазан жана Хузур сабактары
Оксфорд 2024-жылдын сөзүн жарыялады: "Мээ чирийт"
Лувр музейиндеги тарыхый оңдоо: "Мона Лиза" үчүн атайын бөлмө
Түрк сериалдары Түркиянын маданий байлыгын дүйнөгө таанытууда
400 жылдык Ассирия базары Түркиянын Мардин шаарында калыбына келтирилип кайрадан ачылды
Түрк өнөрпоздору Занзибардын көгүлтүр экономикасын искусство менен жандандырууда
Социалдык тармактардагы сулуулук тенденциялары жаш кыздарга зыяндуубу?
Түркия "Адилеттүү дүйнө" куруу үчүн глобалдык форумдарды баштады
"Дарыядан деңизге чейин Палестина эркин болот" деген эмнени билдирет?
Эки Палестинанын окуясы
Эл аралык кылмыш  сотунун төрагасы : «Согуштук кылмыштар соту коркунучта»
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду  ачыкка чыгарды
Голан дөңсөөлөрүнүн мааниси жана Израилдин көзөмөлдөө аракети
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us