2001-жылдын 14-августунда Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында негизделген Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АК Партия) түрк саясатына 24 жылдык салым кошуп, катышкан ар бир жалпы шайлоодо жеңишке жетишти.
Партиянын 24 жылдыгына карата, АК Партиянын төрага орун басары Фарук Ажар майрамдык иш-чаралар учурунда партияга жаңы мүчөлөр кошуларын жарыялады.
Басма сөз жыйынында сүйлөгөн Ажар партия 24 жылдык тарыхына карабастан, дагы эле динамикалуу жана өзүнүн максаттарына бекем экенин баса белгиледи.
АК Партияны жөн гана саясий уюм эмес, элдик кыймыл катары мүнөздөгөн Ажар: “24 жылдык мааракебизден улам атайын баса белгилей турчу нерсе, биз көчөлөрдөн алган күчүбүз жана элдин колдоосу менен жолубузду улантабыз”,-деди.
“Биздин 25-жылга кадам таштаган алгачкы жылы бир жылдык кампаниялык мезгилге киребиз. Эртең баштала турган бул кампаниянын максаты – биздин улутубузга 25 жыл ичинде партиянын жетишкендиктерин, Түркияга тийгизген таасирин жана ишке ашырган миллиондогон долбоорлорун эске салуу”,-деп айтты ал.

2001-жылдын 14-августунда негизделген АК Партия, ошол учурда Стамбулдун мэри болгон Эрдогандын жетекчилиги астында саясий аренага чыкты. Ал 2003-жылы биринчи жолу премьер-министр болуп шайланып, 2014-жылдан бери президенттик кызматты аркалап келет.
2002-жылдын 3-ноябрында партия чоң жеңишке жетишип, парламенттик орундардын үчтөн экисин камсыз кылган – бул он жылдан ашык убакыттан бери болуп көрбөгөн көпчүлүк.
АК Партия жети парламенттик шайлоого; 2002, 2007, 2011, 2015-жылдардагы шайлоолор, 2015-жылдын ноябрындагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо, 2018-жылдын июнундагы шайлоо жана эң акыркысы 2023-жылдын май айындагы шайлоого катышып, алардын бардыгында жеңишке жетишкен.
2001-жылы Эрдогандын жетекчилиги астында негизделгенден бери Түркия эл аралык жана аймактык иштерде көп багыттуу жана активдүү мамилени кабыл алып, дүйнөлүк аренада көрүнүктүү саясий оюнчуга айланды.

Жылдар бою Түркия Европа, түрк жана мусулман өлкөлөрү менен байланышын чыңдап, аймактык иштерде лидерлик ролду өзүнө алган.
Мындан тышкары, Түркия башка дүйнөлүк оюнчулар менен мамилесин кеңейтип, эл аралык аренадагы аброюн жогорулаткан.
Бул мамиле менен ал глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошуп, эл аралык уюмдарда маанилүү роль ойной баштады.