Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн: “Эгерде АКШ согушту кааласа, тарифтик согуш болобу, соода согушу болобу же башка түрдөгү согуш болобу биз акыр аягына чейин күрөшүүгө даярбыз” деген билдирүүсүн кантип түшүнсөк болот?
Көптөр бул билдирүүнү, Кытай тарапта оозеки тирешүүнүн күчөшү катары баалашты. Бул билдирүү, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинен түздөн-түз келип түшкөндүктөн жана расмий социалдык медиа аккаунттары аркылуу бүткүл дүйнөгө тарагандыктан өзгөчө көңүл бурат.
Бул билдирүү Кытайдын Коргоо министрлигинен, Global Times басылмасынан же “Карышкыр дипломаттар” деп аталган өкүлдөрдөн чыккан билдирүүлөргө окшобойт. Анткени алар көбүнчө борбордук бийликтен алысыраак билдирүүлөрдү жасашат.
Анын үстүнө өзгөчө таң калыштуусу Кытайдын акыркы бир нече айдагы расмий билдирүүлөрү жана мамлекеттик маалымат каражаттары Вашингтонго карата этият мамиледе болушу эле.
Эми болсо, АКШнын жаңы администрациясы Кытайга каршы агрессивдүү кадамдарды жасап жатканы айкын болгондо, бул түз билдирүү Кытайдын сөз жүзүндө болсо да, “колкаптарын чечкенин” көрсөтөт.
Ошондой эле, бул Кытайдын АКШ менен түздөн-түз каршылашууга даярданып жатканын көрсөтөбү деген суроо туулат. Эгерде АКШ Украинадан алыстап, Кытайга толук көңүл бурууга даярданып жатса, анда Кытай азыртан эле бекем турумун көрсөтүшү керек, керек болсо АКШнын чагымына жооп катары согушка даяр экенин билдириши керек.
Бир жагынан алганда бул мамиле Кытайдын жаңы доордо дүйнөлүк сахнага чоң держава катары кайтып келгенин жана көп полярдуу дүйнөнү курууда активдүү роль ойноп жатканын көрсөтөт.
Экинчи жагынан Трамп Орусия менен карым – катнаштарда этият болуунун маанилүүлүгүн көп жолу көрсөтүп, бул карым – катнаш туура эмес башкарылса Үчүнчү Дүйнөлүк согуш коркунучу бар экенин баса белгиледи.
Бул жагдай, Трамптын Жо Байдендин Орусияга каршы согушун чечүүгө аракет кылган сайын жаңы контекстке ээ болууда. АКШ жетекчилери Орусия жеңилип, экономикасы талкаланат деп убада кылышкан. Бирок ушул тапта АКШ президенти шериктештерин же Украинаны да үстөлгө отургузбай Орусия менен тил табышып кетүү ыктымалы бар.
Бул жерден Кытай үчүн сабак айкын: эгерде Трамп Орусия менен кеңири согуштан корксо, Орусия НАТОго, Украинага, Европага жана АКШга каршы туруп, экономикасы оор соккуларга туруштук бере алса, анда Кытай Орусияга караганда экономикалык жана аскердик жактан күчтүүрөөк өлкө катары өз позициясын бекем кармашы керек.
Өткөн жылы Пекинде Трамптын экинчи президенттик мөөнөтү Кытайдын кызыкчылыктарына ылайыктуу болот деген тынч пикир бар болчу. Бирок ошол эле учурда, Украинадагы конфликтти чечүү Вашингтонду Кытайга көбүрөөк көңүл бурууга түртөт деп тынчсыздангандар да болгон.
Ошол эле учурда, Байден администрациясы Кытайга каршы стратегиясын ишке ашырууда токтогон жок, бул 2023-жылга чейин согуш коркунучун жогорулаткан. Бирок АКШнын Украинадагы максаттары ишке ашпай турганы да барган сайын айкын боло баштаган.
2023-жыл АКШнын бир уюлдуу дүйнө тартибин калыбына келтирүү аракеттеринин стратегиялык ийгиликсиздикке учураганын көрсөткөн жыл болду. Ошол эле учурда, Кытайдын экономикасы турукташып, АКШнын технологиялык блокадасынын натыйжасыз болорун көрсөткөн олуттуу ийгиликтерге жетишти.
Жыйынтыктап айтканда, Байден доктринасы ишке ашпай калды. Трамптын кайтып келиши АКШга стратегияны өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн бериши мүмкүн. Бирок Кытай Трамптын мурункусуна караганда эффективдүү болбой калат деп ишенет. Эл аралык колдоолорду топтоодо кыйынчылыктарды тартып, союздаштары менен көбүрөөк кризистерди жаратары жана Кошмо Штаттардын ичиндеги поляризацияны дагы да күчөтөрү күтүлүүдө.
Анткени соода согушу америкалыктарга да чоң зыян алып келет жана Трамптын Конгресстеги тарапташтары шайлоочуларга убада кылган тынчтыкты жана инфляцияны басаңдатууну камсыз кылууга мажбур болушат.
Республикачылар Конгрессте утулуп калса, Трамптын экинчи мөөнөтү ийгиликсиз эксперимент катары каралышы мүмкүн жана Кытайда популярдуу болгон "Алтын Короз" (金色公鸡) имиджи кайра пайда болушу мүмкүн.
Трамп өз ниетин ачык айта элек, бирок Пекин АКШны бир эле учурда үч ыктымалдуу стратегиялык жолду сынап жатат деп эсептейт. Биринчиден Кытайдан толугу менен бөлүнүп, долларга каршы экономикалык согуштун эшигин ачуу коркунучу бар болгон чектөө стратегиясын күчөтүү менен агрессивдүү ажыратуу саясатын жүргүзүшү мүмкүн. Бул АКШнын долларга негизделген экономикасынын морт мүнөзүн эске алганда түздөн-түз аскердик чыр-чатакка алып келиши мүмкүн.
Экинчиден, Кошмо Штаттар өзүнүн таасир чөйрөсүн тарытып, Батыш жарым шарга басым жасай турган жаңы Монро доктринасын кабыл алышы мүмкүн. Канада жана Гренландия сыяктуу аймактарга багытталган географиялык артыкчылыктарын колдонуу менен өзгөчө климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу глобалдык түндүктүн стратегиялык маанисин жогорулата алат. Мындай сценарийде Кытай менен Орусия Борбор Азиядагы тең салмактуулукту кантип сактайт деген өзүнчө суроо туулат.
Үчүнчүдөн, Трамп Кытайдан мүмкүн болушунча көп пайда алуу үчүн чоң келишим түзүүгө аракет кылышы мүмкүн. Бул долларды, АКШ экономикасын жана стратегиялык кызыкчылыктарын коргоону камтыйт. Ошол эле учурда, Кытайдын АКШга инвестиция жана өндүрүш алып келүүсүн стимулдаштыруусу мүмкүн.
Кытай бул мүмкүнчүлүктөрдүн баарын карап чыкты жана ар бири үчүн стратегиялык пландары бар. Бирок Пекин Трамптын провокацияларына азгырылып калбоо үчүн этият болууда. Кытай Канада, Мексика, Панама же Колумбиядан айырмаланып, кысым астында компромисске барууга макул боло турган өлкө эмес.