ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Россиянын Киевге түнкү кол салууларында эки киши каза болду, АКШ Украинага курал өткөрүүнү улантат
Болжол менен он саатка созулган чабуул акыркы айларда Киевге карата жасалган эң күчтүү чабуулдардын бири болду.
Россиянын Киевге түнкү кол салууларында эки киши каза болду, АКШ Украинага курал өткөрүүнү улантат
/ Reuters
17 саат мурун

Россия түнү менен Киевге дрон жана ракеталык чабуул жасады. Жетекчилердин билдиргенине караганда кол салууда эки киши каза болуп, кеминде 16 киши жараланды жана борбор шаардын беш районунда өрт чыкты.

Мэр Виталий Кличконун айтымында, атып түшүрүлгөн дрон жана ракета сыныктары бир нече отурукташуу жерине келип түшүп, имараттарга зыян келтирип, көлөмү чоң өрттөрдүн чыгышына жол ачты.

Шевченковский районунда атылган буталардан түшкөн сыныктар айрым имараттардын үстүңкү кабаттарына зыян келтирип, өрттүн чыгышына себеп болду.

Дарницкийде гараждар менен бир май куючу жай өрттөндү. Соломенскийде эвакуацияланган бир имараттын чатыры күйдү. Подольский районундагы клиника дээрлик толугу менен талкаланып, Голосеевскийде дрондун сыныктары жүк ташуучу унаага келип түшкөн.

АКШдан дагы көп курал берүү убадасы берилди

Кличконун айтымында, кол салуудан эки адам каза болгон. Жаракат алган 16 адамдын ону ооруканага жаткырылды. Шаарды коюу түтүн каптап, бийлик баш калкалоочу жайлардан кайтып келген тургундарды терезелерин жабуу боюнча экертишти.

Кол салуу Киев аймагын да таасири астына алды. Аймактык аскердик башкаруунун билдиргенине караганда үйлөр жана кошумча имараттар зыянга учурап, төрт аймакта өрттүн чыкканы белгиленди. Обухов аймагында жарааланган бир киши ооруканага жаткырылды.

Бир күн мурун Украина Россиянын согуштиун башталышынан бери эң жогорку санга жетип 728 дрон учурганын билдирген. Мындан мурдагы эң чоң кол салуу 4 - июлда болгон жана 539 дрон менен 11 ракета учурулган. Буга чейин да 29 - июнда 537 аба бутасынын учурулгандыгы билдирилген.

New York Times булактарынын айтымында, орус президенти Владимир Путин Украинанын коргонуу күчтөрүнүн бул кысымга туруштук бере албай тургандыгын ойлоп жатат.

Буга чейин АКШ Пентагондун инвентаризациясына байланыштуу АКШ Украинага курал-жарак жеткирүүнү токтоткон. Бирок бул ири чабуулдардан кийин Трамп жардамды кайра баштоого буйрук берип, Украинага дагы бир абадан коргонуу системасы Патриотту жөнөтүү ыктымалын жарыялады.

трамп бул тууралуу : “Абдан катуу сокку урулуп жатат, чынлыгында абдан катуу. Бул маселени карап чыгабыз”,- деди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us