АКШ Япония менен болгон соода келишимин ишке ашырууда “ката кетиргенин” мойнуна алды жана аны оңдоого убада берди, деп билдирди жума күнү Киодо маалымат агенттиги Япониянын бажы боюнча башкы сүйлөшүүчүсү Риосеи Аказаванын комментарийлерине таянуу менен.
Америкалык расмий өкүлдөр менен жолугушуу үчүн Вашингтонго барган Аказава АКШнын бул шалаакылыгынан улам бөлүнгөн импорттук бажы төлөмдөрүн кайтарып берүүгө убада бергенин билдирди.
Шейшемби күнү кечинде Вашингтонго барган Аказава АКШнын Соода министри Ховард Лутник жана Каржы министри Скотт Бессент менен жолугуп, өлкөлөрдүн акыркы эки тараптуу соода келишимине ылайык унаа тарифтерин тез арада төмөндөтүүнү суранды.
Агенттиктин айтымында, эң чоң маселе - президент Дональд Трамптын Япониядан келген импортко карата белгилеген 15 пайыздык тарифинин, учурда бар болгон башка салыктардын үстүнө кошулуп-кошулбашы.
Бейшемби күнү Япониянын премьер-министри Шигеру Ишиба да Трампка Вашингтондун жаңы жогорку тарифтерине байланыштуу буйругун өзгөртүүгө акырды.
Соода келишиминин алкагында Япония АКШга 550 миллиард долларлык демилгенин бир бөлүгү катары инвестицияларды көбөйтүүгө убада берди, АКШ да импорттолгон япон унааларына болгон тарифти учурдагы 27,5 пайыздан 15 пайызга чейин төмөндөтөт.
Бирок бул тариф качан күчүнө кирери белгисиз. Автоунаа сектору Япониянын экономикасынын таянычы болгондуктан, узакка созулган жогорку тарифтер Америка рыногуна чоң өлчөмдө көз каранды болгон Toyota жана Honda сыяктуу ири унаа өндүрүүчүлөргө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.