Кытай жума күнү Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос Жуниорду Тайвань боюнча айткан сөздөрүнө байланыштуу "от менен ойнобо” деп эскертти.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, дүйнөдө бир гана Кытай бар экенин жана Тайвандын Кытайдын ажырагыс бөлүгү экендиигн баса белгиледи.
Билдирүүдө: "Биз Филиппинди бир Кытай принцибин жана Кытай-Филиппин дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндөгү биргелешкен коммюникенин рухун чын жүрөктөн карманууга жана Кытайдын негизги кызыкчылыктарын кызыктырган темаларда от менен ойнобоого чакырабыз", - деп айтылды.
Кытайдын реакциясын Филиппин президентинин Кытай менен АКШнын ортосунда Тайвань тууралуу чыр - чатак чыга турган болсо, Филиппиндин географиялык жайгашуусу жана аралда жашаган Филиппин жарандарынан улам тарапсыз калбай турганын айтуусунан кийин билдирди.
Маркос Индияга болгон сапары учурундагы маектеринде Тайвань кысыгындагы кагылышуунун гуманитардык маселеге айланарын жана өлкөсүнүн жарандарын эвакуациялоо үчүн бардык ресурстарды мобилизациялоого мажбурлай тургандыгын билдирген.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Тайвань маселесинин Кытайдын ички маселеси экенин жана "башкалардын кийлигишүүсүнө жол берилбей турганын" баса белгиледи.
"Тайвань маселесин кандай чечилери бир гана Кытай элинин кызыктырат жана башкалардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт", – деп билдирди министрлик.
Пекин Филиппин лидерлеринин Кытайга өлкөлөрүнүн бир-Кытай саясатын бекем карманарын ачык билдиргендерин, бирок Филиппиндин бул убадасынан кайтканын "кесепеттерин эске албастан, туура эмес жана чагымчыл сөздөр менен аракеттерин улантып жатканын" айтты.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жана Маниладагы Кытай элчилиги да бул маселе боюнча расмий демилгелерди көтөрүштү.