АКШнын Россия-Украина согушуна карата тышкы саясаты быйыл Дональд Трамп Ак Үйгө кайтып келгенден кийин олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Жакында АКШнын Украинага аскердик жардамын токтотуп, Вашингтондун Киев менен чалгындоо маалыматтарын бөлүшүүсүн убактылуу токтотуу сыяктуу жагдайлар Чыгыш Европа өлкөсүнүн Россияга каршы күрөшүн улантуу мүмкүнчүлүгүнө олуттуу кесепеттерди алып келди.
Президент Владимир Зеленскийдин өкмөтү азыркы учурда Москва менен сүйлөшүү тууралуу олуттуу кысым астында. 4 - мартта Зеленский Украинанын «сүйлөшүү столуна отурууга даяр экендигин» белгилеп: «Менин командам жана мен туруктуу тынчтыкты түзүү үчүн президент Трамптын күчтүү лидердиги астында иштегенге даярбыз»,- деди.
Азыркы учурда Москванын орус көзөмөлүндөгү Украина жерлери тууралуу үстөмдүгүн сактоосуна жана экономикалык санкциялардын бир бөлүгүнүн жоюлушуна уруксат берген келишим Кремль үчүн пайдалуу болот. Мындай жыйынтык Россиянын бул «атайын аскердик операциясын» баштаган үч жылдан кийин Россиянын президенти Владимир Путинди күчтөндүрөт.
Негизги суроо бул : Россиянын кызыкчылыгына ылайык келишим менен Украина согушунун тоңдурулушу, Москванын араб дүйнөсүндөгү имиджине кандай таасир берет?
Россия он жыл мурда Асад режимин колдоо үчүн Сириядагы түздөн түз аскердик кийлигишүүсүн күчөткөн учурда аймактын 20 пайыздык бөлүгүн гана көзөмөлгө алган. Москва араб дүйнөсүндөгү жана андан тышкаркы бардык өкмөттөргө күчтүү билдирүү жиберди. Негизги максаты орус аскердик кийлигишүүсүнүн бир режимдин кулашына тоскоол болуу эле.
Бул Россияны глобалдык оюнчу катары көрсөтүп, АКШнын 2003-жылы Иракка кирүүсү жана 2011-жылдагы араб жазындагы көтөрүлүштөрүнө, өзгөчө Египетке болгон реакциясынан улам бир топ араб өкмөтү тынчсызданып, Жакынкы Чыгышка жакындаган АКШ менен салыштырылганда глобалдык оюнчу имиджин түздү.
Кыскасы Москванын 2015 – 2016 - жылдары Сириядагы ролу араб мамлекеттеринин жана дүйнөнүн бир топ жеринин Суук согуштан кийинки мезгилде Россияны алсыраган жана маанисиз бир оюнчу катары көрүү мезгилине алып келүүгө жардам берди.
Бирок Украинада “атайын аскердик операциясын” баштагандан кийин, Россия согуш талаасында көптөгөн көйгөйлөргө туш болду, бул Москванын күчтүү имиджин алсыратты. Кичинекей бир коңшусу тууралуу так бир жеңишке жетише албашы 2015 – 2016 – жылдары Россиянын Сирия кийлигишүүсүнөн таасирленген араб мамлекеттик кызматкерлеринин көз жаздымында калган жок.
Башкача айтканда, араб лидерлери ошол учурда Москванын аскердик күчү чындыкпы же жөн гана көрүнүшпү деген суроону карап чыгуулары керек эле. Бирок араб мамлекеттеринин эч бири Россияга каршы чечкиндүү кадам таштабастан, Москва менен карым - катнаштарын үзгөн жок.
Украина согушу Россиянын эл аралык аренадагы башкы приоритетине айланды. Сирия – Россияга коопсуздук кепилдиги катары караган жалгыз араб мамлекети болду жана Москванын Украина согушуна артыкчылык берип, Сирияга көңүл бурууну азайтты. Бул жана башка факторлор Асад режиминин кулашына чоң салым кошту.
Эми эгерде орустар өздөрү үчүн пайдалуу болгон келишим тууралуу сүйлөшүп, согуш токтотула турган болсо, Москва Жакынкы Чыгышка дагы көп көңүл бура турган позицияда болушу мүмкүн. Ушунун негизинде араб мамлекеттери бул абалдын Москва менен дагы көп карым - катнаш түзүүгө убакыт болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.
Украина согушу Россияны маанилүү экономикалык жана аскердик кысым астына алды жана Москванын өзүнүн аскердик муктаждыктарына алдыңкылык берүү үчүн чет өлкөлөр менен курал келишимдерине байланыштуу милдеттерин орундатуудан улам ресурстарын багыттоого себеп болууда.
Ошонтсе да Алжир жакынкы убакта чет элдик кардары катары Sukhoi Su-57E стелс учагын сатып алды жана башка араб мамлекеттеринин Алжирдин жолун жолдоп, Украина согушунан кийинки мезгилде Россия менен аскердик байланыштарын тереңдете аларын же тереңдете албастыгын карап чыгуусу керек.
Кандай болгон күндө да, Украина согушунун мурастары жана мунун Асад режиминин кулашы менен аз да байланыштуу болушу, араб мамлекеттик кызматкерлеринин Москвага болгон көз карашына таасирин тийгизет. Согуштун тоңдурулушу, Россиянын коопсуздук өнөктөшү болуу жөндөмдүүлүгү тууралуу шектенүүлөрдү жок кылбайт. Бир топ араб лидеринин Асаддын кулашынан алган сабак Москвага болгон ашыкча көз карандылыктын коркунучтуу болгондугу. Жыйынтык катары көптөн бери АКШга коопсуздук чатыры үчүн көз каранды болгон араб өлкөлөрүнүн Москва менен толугу менен камсыздалган аскердик союздаштыктарды куруу үчүн Вашингтон менен мамилени үзүүсү мүмкүн эмес.
Ошентсе да Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабиясы, Египет, жада калса Асаддан кийинки Сирия сыяктуу араб мамлекеттери Россия менен болгон мамилесин өздөрүнүн узак мөөнөттүү улуттук кызыкчылыктарына кызмат кылгандай көрүшөт. Натыйжада бул өлкөлөрдүн көпчүлүгү АКШнын тышкы саясатынын сансыз аспектилеринен тажаган. Трамптын «тазалоо» үчүн айткан сөздөрү 2,2 миллион палестиналыктын мажбурлоо менен жер которуусун камтыган массалык этникалык тазалоо планы катары көрүлгөн мындай пландардан улам араб мамлекеттик кызматкерлерин коркуткан жана бул абалдын аймактын коопсуздугу жана туруктуулугу жактан абдан коркунучтуу.
Бул план канчалык реалдуу эмес болсо да, эгерде ишке ашырыла турган болсо, АКШнын Жакынкы Чыгыштагы эки маанилуу союздашы — Египет менен Иорданиянын туруктуулугуна түздөн - түз коркунуч келтирет.
Жыйынтык катары араб жетекчилер Трамтын Газанын келечеги үчүн араб мамлекеттеринин негизги коопсуздук муктаждыктарын көз жаздымда калтырып, оңчул израилдиктердин кыялдарына артыкчылык берген бир идея сунуш кылгандыгын көрүштү. Байден администрациясынын Газа геноциди учурунда Израилге берген ачык колдоону да унутпоо керек.
Бул араб өлкөлөрүнүн көпчүлүгү Вашингтонду ишенимсиз жана коопсуздук тынчсызданууларына көңүл бурбаган күч катары көрө баштаган сайын Израиль - Палестина кагылышуусуна эки мамлекеттүү чечүүчү жолду колдогон Россия сыяктуу глобалдык күчтөргө араб жетекчилер тарабынан ылайыктуу күч катары баа берилүүдө.
Көп уюлдуу геосаясий тартиптин алкагында араб лидерлери Россияны анын бир уюлу катары көрүшөт, албетте, Кытай жана Индия да башка уюлдар. Араб мамлекеттери менен Россия карым - катнаштарынан ар кандай жолдор менен пайда көрүшүүдө жана араб дүйнөсүндөгү лидерлер бул мамилелерди сактап калуу үчүн Путиндин өкмөтү менен карым - катнашын улантат.
Украина согушунун, Россияны күчтүү көрсөтүүчү шарттарда токтотулушу, араб саясатчылары жана коопсуздук кызматкерлеринин арасында Москва менен жогору деңгээлде өз ара аракеттешүүгө арзый турган актёр экендиги тууралуу пикирдин кеңири таралышына алып келет.