Иран Трамптын ыктымалдуу келишим сунушуна кандай жооп берет?
САЯСАТ
4 мүнөт окуу
Иран Трамптын ыктымалдуу келишим сунушуна кандай жооп берет?Дональд Трамп Тегеранды "тозокко" айландыргандан көрө, аны менен сүйлөшө турганын айтты. Иран болсо азырынча бул сунуштан таасирлене элек.
/ AA
17 Март 2025

АКШнын Украина жана Газа боюнча талаштуу саясаттарынан кийин президент Дональд Трамп көңүлүн Иранга буруп, Американын көптөн берки атаандашы болгон бул өлкө менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого аракет кылууда.

Бирок потенциалдуу келишимге алып баруучу жол тоскоолдуктарга толгон. Ирандын өзөктүк программасы, курал-жарак даражасына жакын байытуу деңгээли менен негизги талаш-тартыштардын бири бойдон калууда.

Трамптын 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыгуу чечими жана анын биринчи президенттик мөөнөтүндөгү “максималдуу кысым” өнөктүгү Тегеранда Вашингтондун ниетине терең ишенбөөчүлүк жаратты.

Трамп жакында Fox News телеканалына берген маегинде: «Мен келишим боюнча сүйлөшүүнү артык көрөм. Мени менен баары эле макул эмес, бирок аскердик жактан жеңсең дагы, биз бирдей деңгээлде жакшы келишим түзө алабыз», - деди.

Ошентсе да Трамптын макулдашуу ниети коркутуулар менен коштолду: “Эгер аскердик кийлигишүүгө туура келсе бул алар үчүн коркунучтуу болот“ деп эскертти жана “Башка альтернатива – аларга ядролук куралга ээ болууга жол бербөө үчүн бир нерсе кылышыбыз керек”, - деп кошумчалады.

Иран өзөктүк курал жасап жатканын четке кагат, бирок мурдагы Трамп администрациясы JCPOAдан чыгып Обама мезгилиндеги келишимди жойгондон кийин уранды жогорку деңгээлде байытууну улантты.

Трамп өзүн “чебер сүйлөшүүчү” катары көрсөтүүдө жана Тегеранга кысымды күчөтүп жатат, бирок Иран өз позициясынан тайган жок. Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи АКШны түздөн-түз атабай, “коркутуп-үркүтүүчү өкмөт” менен сүйлөшүүлөрдү четке какты.

Ошол эле учурда, Ирандын орточо көз караштагы президенти Масуд Пезешкиян: “Каалаганыңарды кылгыла”, - деп ачык жооп берди. Бирок Ирандын БУУдагы миссиясы сүйлөшүүлөргө аз да болсо мүмкүнчүлүк калтырды. “Эгер сүйлөшүүлөрдүн максаты Ирандын ядролук программасынын кандайдыр бир потенциалдуу милитаризациясына байланыштуу тынчсызданууларды чечүү болсо, мындай талкуулар каралышы мүмкүн”, - деп билдирүү жасады миссия.

Трамптын сунушунун айланасындагы башаламандык кырдаалды жеңилдеткен жок. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Трамптан эч кандай кат алынбаганын билдирди. Бирок БАЭ президентинин дипломатиялык кеңешчиси Анвар Гаргаш шаршемби күнү катты Тегеранга жеткиргенин кабарлады. Бул коммуникациянын канчалык бытыранды экенин көрсөтүп турат.

Трамп администрациясы Ирандын мунай танкерлерин деңизде токтотуп, текшерүү планын карап жатат. Бул 2003-жылдагы Куралдарды жайылтпоо боюнча коопсуздук демилгесине негизделген эл аралык келишимге таянат.

Эки тарап сүйлөшүүлөргө бара алабы?

"Трамптын муну буга чейин эле коомчулукка жарыя кылганы кырдаал боюнча шек туудурууда", - дейт ирандык-канадалык саясат таануучу Гонче Тазмини.

“Трамптын каты ядролук сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо аракетин билдирет”, - дейт саясий таануучу жана НАТОнун Коргоо Колледжинин мурдагы командир орун басары Дарья Даниэлс Скодник. Трамптын мамилесиндеги карама-каршылыктарды баса белгиледи: “Бул анын көптөн берки ‘максималдуу кысым’ стратегиясына туура келет, бул стратегия Тегеранды санкциялар жана коркутуулар аркылуу концессияга мажбурлоо үчүн иштелип чыккан”.

“Каттын мазмуну ачыкка чыга элек болсо да, Путиндин буга аралашуусу мүмкүн деген божомолдор менен бирге, Трамп Ирандын тандоосун: сүйлөшүү же аскердик операцияга туш болуу”, - деп белгилегенин Скодник TRT World каналына билдирди.

Скодник ошондой эле Ирандын Революциялык гвардия корпусу (IRGC) өткөн жылы Трампты өлтүрүүнү пландаган деген айыптоолорго да көңүл буруп, бул түз дипломатия мүмкүнчүлүгүн ого бетер кыйындат абал деди.

“Иранды сүйлөшүү үстөлүнө отургузуу кыйын болот”, - деп Тазмини да ушулдай эле пикирди бөлүштү. “Жогорку лидердин лагериндеги аскердик-коопсуздук чөйрөсү Трамп администрациясы менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөргө өтө шектүү карайт”, - деп кошумчалады.

Хаменеи Трамптын катын “алдоо” деп атап, Тегерандын АКШнын кысымына моюн сунбай турганын кыйытты.

Бирок ирандыктар Пекинде Кытай демөөрчүлүк кылган жыйынга катышып, 2015-жылдагы ядролук келишимди кантип жандандыруу боюнча орустар менен бирге сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул келишим октябрда жаңыланбаса мөөнөтү бүтөт.

“Октябрдын айына чейин чектелген убакытты пайдаланып, JCPOAны сактап калуу үчүн жаңы келишим түзүүгө үмүттөнөбүз”, - деди Кытайдын БУУдагы элчиси Фу Конг шаршемби күнү Ирандын ядролук программасы боюнча атайын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынынын алдында.

“Белгилүү бир өлкөгө максималдуу кысым көрсөтүү максатка жетүүнү камсыздабайт”, - деп кошумчалады элчи, Трамптын Иранга коркутууларына шилтеме кылып.

Ирандын аймактагы таасири октябрдан бери алсырады. Анын ливандык союздашы Хизбулла Израилдин соккуларынан жабыр тартты, дагы бир Иран союздашы болгон Сириядагы Асад режими декабрда күтүүсүздөн оппозициянын чабуулуна туруштук бере албай кулады.

“Ирандын аймактык коргонуу мүмкүнчүлүктөрү алсырап, анын абалы барган сайын аялуу болуп калды”, - дейт Скодник. “Израиль Ирандын абадан коргонуу тармагын системалуу түрдө жок кылып, ядролук объекттерине коркунучту күчөттү.”

Бул жагдайлар акыры Тегеранды дипломатияга түртүшү мүмкүн, бирок алсыздык абалынан эмес. “Иран кысым алдында сүйлөшүүлөргө баргандан көрө, кыйынчылыктарга чыдоону артык көрүшү мүмкүн”, - деп кошумчалады Скодник.

Кандай шарттарда келишим түзүлүшү мүмкүн?

“Кандайдыр бир келишимдин ишке ашуусу үчүн “аймактык же Евробиримдиктин демөөрчүлүгү” маанилүү”, - дейт Скодник. “Сауд Арабия, БАЭ жана Катар сыяктуу Перс булуңундагы мамлекеттер, Тегеран менен өнүгүп жаткан мамилелери аркылуу ортомчу боло алышат”.

"Ядролук чектөөлөрдүн ордуна акырындык менен экономикалык жеңилдиктин алкагы кеңири ультиматумдарга караганда көбүрөөк үмүт бере алат" дейт ал.

Ошондой эле АКШнын стратегиясын өзгөртүп, “Ирандын аймагына Израилдин алдын ала соккуларын чектөө үчүн ядролук чыңалууну азайтууга алмаштыруу” Тегеранды “ядролук максаттарын кайра карап чыгууга” түртүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

БУУнун АЭМБнын акыркы баалоолоруна ылайык, Тегерандын ядролук байытуусу 60% тазалык деңгээлине жеткен, бул Обама доорундагы ядролук келишимдин чектеринен кыйла жогору. Ядролук курал өндүрүү үчүн 90% тазалык деңгээли талап кылынат.

“Алсыз абалына карабастан же балким ошондуктан Иранды баалабай коюуга болбойт. Анын ядролук объекттерине аскердик сокку уруунун тобокелчилиги жогору жана бул кризисти чечүүнүн ордуна күчөтүшү мүмкүн”, - деп кошумчалады Скодник.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us