Вашингтон, АКШ — Смитсониан институту эки кылымдан бери Американын тарыхынын, искусство, маданият жана билимдин кенен казынасы катары жашап келет. Бирок ал азыр саясий талаш - тартыштын ортосунда.
Президент Дональд Трамп "бөлүп-жарган баяндарды" өзгөртүүнү талап кылган президенттик жарлыкка кол койду. Бул аракет 178 жылдык мекемени Трамп «ойгонуу идеологиясы» деп мүнөздөгөн нерсеге каршы жүргүзгөн согуштун бутасына айландырды.
Бул жаңы директиванын негизинде вице - президент Дж.Д.Вэнс администрациянын Смитсонианга таандык 21 музей, 21 китепкана, 14 изилдөө жана билим берүү борбору менен Улуттук зоопарктагы идеологиялык таасирлерин жок кылуу аракеттерин жетектейт.
Ички иштер министри Даг Бургум 2020-жылдан бери алынып салынган же алмаштырылган коомдук эстеликтерди, мемориалдарды жана айкелдерди аныктоо жана керек болсо калыбына келтирүү боюнча миссияны өзүнө алды.
Трамптын оюу боюнча максат : "Американын тарыхын бурмалоону" алдына алуу. «Американын тарыхында чындыкты жана жалпы аң - сезимди калыбына келтирүү» деп аталган жарлык, түздөн түз Улуттук Афроамерика тарыхы менен маданият музейин максат кылууда. Трамп музейдин эмгекчилдикти жана үй – бүлөлүк баалуулукту «Ак маданияттын элементтери» деп аныктагандыгын айтты.
Кеңири маданий чабуул
Трамп жакында ачыла турган Смитсониан Америкалык Аялдар Тарыхый Музейин да сынга алып, бул музейдин "аялдар спортуна катышкан эркек спортчулардын жетишкендиктерин даңазалоону" максат кылгандыгын айтты.
Жыл сайын 30 миллиондон ашуун конокту кабыл алган жана 1 миллиард доллардан ашкан бюджет менен иш алып барган Смитсониан азырынча бул кенен жарлыкка жооп бере элек.
Бирок бул кадам Американын тарыхын ким жана кандайча баяндай тургандыгы тууралуу маданий талаш - тартышты кайрадан күчөттү.
Консерваторлор бул жарлыктын улуттук тарыхый институттагы либералдык көз караштарды оңдой тургандыгын жактап жатышат.
“Улуу ойгонууну” чечмелөөгө аракет кылган консерватор христиан подкаст "The Great Awokening" алып баруучусу Жош Дос Смитсониандын америкалыктардын тарыхты кандай түшүнүүсүнө тийгизген таасирин кабыл алды бирок баяндоосуна каршы чыкты.
"Улуттук тарыхыбызды калыптандыруу милдетин алган институтта солчул күн тартибине орун жок", – деп жазды ал X платформасында.
Адистердин айтымында Смитсониан тууралуу бул күрөш Трамптын дагы кенен маданий кол салуусунун бир бөлүгү. Январь айында Ак үйгө кайтып келгенден бери Трамп билим берүү, медиа жана искусстводо көргөн солчул үстөмдүккө каршы күрөшүн күчөттү.
Трамп жакында Вашингтондогу ири искусство борбору болгон Кеннеди борборун "ашыкча либералдуу" деп атап, көзөмөлүнө алды. Эми ал өлкөнүн борборун кайрадан калыптандырууга көңүл бурууда.
Өзүнчө бир жарлык болгон "Колумбия округун коопсуз жана кооз кылуу" менен Трамп шаарда миграция мыйзамдарынын ишке ашырууну күчөтүү жана кылмыштуулукту азайтуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзө тургандыгын жарыялады.
Трамп Вашингтонду “адам өлтүрүү жана кылмыштын уясы” деп кемсинтти жана жергиликтүү башкарууну түздөн түз көзөмөлүнө алуу менен коркутту.
Жарлык өзгөчө Трамп өлкөнүн борбор шаарын тазалоо аракети катары аныктаган нерсенин бир бөлүгү катары “координациялуу көрктөндүрүү планына” чакырууда.
Федералдык кийлигишүү
Өткөн жылы шайлоо өнөктөштүгү учурунда :"Начар башкарылган Вашингтондун көзөмөлүн алып, борборубузду кайрадан курабыз, ушундайча киши өлтүрүү, кылмыштуулук болуудан чыгат”,- деген Трамп. Бул билдирүү жарлыкка кол коюлгандан кыска убакыттан кийин Ак үй тарабынан Хтен кайрадан жарыяланды.
Бул абалдын жыйынтыктары абдан чоң. Вашингтондо 700 000 киши жашайт. Алардын көбү демократтар жана бул кишилердин Конгрессте добуш берүү укугу жок.
Американын борбор шаарынын өз иштерин өзү башкарганына карабастан Конгресс жергиликтүү чечимдерди жокко чыгаруу укугуна ээ. Республикачылдар көзөмөлдү кармап тургандыктан Трамп борбор шаарды түздөн түз федералдык көзөмөлгө алуу менен коркутууда.
Азыртадан шаардык бийлик федералдык кийлигишүүнү алдын алуу үчүн айрым кадамдарды жасоого аргасыз болду. Алардын ичинде айрым үй-жайсыздар лагерин жоюу жана "Каралардын жашоосу маанилүү” деген дубалдагы сүрөттөрдүн өчүрүлүшү сыяктуу кадамдар федералдык кийлигишүүнү алдына алуу сыяктуу көрүнүүдө.
Дагы чоң күрөш
Бирок Смитсониан күрөшү башка. Бул шаардык башкаруу же кылмыштуулук менен байланыштуу эмес түздөн түз тарых менен байланыштуу.
Мэриленддин мурдагы вице-губернатору жана Республикалык Улуттук Комитеттин мурдагы төрагасы Майкл Стил Трамптын акыркы буйругун сынга алып, бардык тараптар үчүн зыяндуу кадам экендигин айтты. "Бүгүн Трамп дагы бир жарлыкка кол койду, бул жолу тарыхты кайрадан жазууга аракет кылууда жана Смитсониандын "бөлүп-жарган, расалык борборлоштурулган идеологиянын таасирине кабылгандыгын айтууда”,- деди Стил.
"Кулчулуктан жана жергиликтүү америкалыктардын жерлеринин тартып алынуусу тууралуу сөз кылып жатабы? Бул идеология эмес – бул факт."
Трамп жарлыкта Смитсонианды Америка жана батыштын баалуулуктарынын зыяндуу экендигин айткан баяндарды колдоо менен сынга алынды.
Смитсониан Американын музейлер тармагында эле эмес, улуттук эс тутумду калыптандырган, тарыхый түшүнүктөрдү калыптандырган жана америкалыктар өздөрүн кандай көрөрүн аныктаган мекеме.
Сынчылар Трамптын Америкага болгон өз көз карашын бул тарыхый дубалдарга таңуулоого аракет кылып жаткандыгын айтышууда.
Трамптын жарлыгына ылайык, максат “Смитсониан институтун ылайык болгон жерге, шык берүүнүн булагы жана Американын улуулугунун символу катары кайра кайра алып келүү - жаш акылдарды шыктандыруу, Американын тарыхы жана инновациянын байлыгын урматтоо, бардык америкалыктардын жүрөгүндө сыймык сезимин ойготуу. Азырынча Смитсониан унчукпай турат. Бирок анын неоклассикалык имараттарынын ичиндеги изилдөө борборлорунда жана тарыхчыларынын арасындагы билдирүү ачык: Американын тарыхын кайра жазуу балким жаңыдан башталды.