Ирандын президенти Масуд Пезешкян дүйшөмбү күнү жарыяланган маегинде, өткөн айда Иран менен 12 күндүк согуш жүргүзгөн Израилдин аны өлтүрүүгө аракет кылганын айтты.
Пезешкян АКШлык медиа өкүлү Такер Карлсондун Израиль аны өлтүрүүгө аракет кылдыбы деген суроосуна жооп катары “Ооба, алар аракет кылышты. Бул багытта иш алып барышты, бирок ийгиликсиз болушту” – деди.
“Бул аракеттин артында АКШ эмес, Израиль турган. Мен жыйын өткөрүп жаткан элем... алар биз жыйын өткөрүп жаткан аймакты бомбалоого аракет кылышты,” – деди ал, жакында болгон согуш учурундагы кол салуу аракети тууралуу айтып.
13-июнда Израиль Иранга каршы мурда болуп көрбөгөндөй бомбалоону баштап, жогорку даражадагы аскер жетекчилерин жана ядролук илимпоздорду өлтүргөн.
Израилдин бул чабуулдары Тегеран менен Вашингтон 12-апрелде башталган ядролук сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына даярданып жаткан күндөрдө болду. Согуш учурунда Иранда 900дөн ашуун адам каза тапканын сот органдары билдиришти.
Израилдин чабуулдарына жооп катары Иран тарабынан дрон жана ракета чабуулдары жасалып, Израилде 28 адамдын каза тапканын бийлик маалымдады.
Иран менен Израилдин ортосундагы 12 күндүк согуш учурунда, АКШ менен биргеликте Израиль Ирандын Фордо, Исфахан жана Натанздагы ядролук объектилерине сокку урган.
Карлсон менен маегинде Пезешкян эгерде эки өлкөнүн ортосунда ишеним калыбына келе турган болсо, өзөктүк сүйлөшүүлөрдү кайра баштоодо «эч кандай көйгөй жок» деп билдирди.
Ирандын президенти “Сүйлөшүүлөргө кайра кошулууда эч кандай маселе көрбөй элебиз,” – деди. “Бирок сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоонун шарты бар. Биз АКШга кайра кантип ишенебиз? Сүйлөшүүлөргө кирдик дейли, анан сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда Израиль режими кайрадан бизге чабуул жасоого уруксат албасына кантип ишенебиз?” деп кошумчалады.