ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Техас cел апаатында каза болгондордун саны 119га жогорулап издөө иштери жана сындар уланууда
Жетекчилер өзгөчө кырдаалдар тууралуу эскертүүлөрдүн кечиктирилиши жана эскертүү системаларынын жетишсиздигинен улам 161 адам дайынсыз болуп жатканын билдирүүдө.
Техас  cел апаатында каза болгондордун саны  119га жогорулап издөө иштери жана сындар уланууда
/ AP
14 саат мурун

Жетекчилер Техастагы селден каза болгондордун саны кеминде 119га жеткенин, 170тен ашуун дайынсыз жоголгон адамды издөө уланып жатканын кабарлады.

Эң катуу жабыркаган Керр округунда 95 адам, анын ичинде 59 чоң киши жана 36 бала каза болгон.

Жетекчилер 27 кишинин ким экендиги азырынча аныктала электигин билдиришти, ал эми башка каза болгон кишилер жакын жердеги райондордо катталды.

Куткаруу операциялары кеңейген сайын штаттын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу системасына карата коомчулуктун сыны күчөдү. Texas Public Radio жана KSAT тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөр эртең мененки саат 4:22де жиберилиши талап кылынган массалык эскертүү билдирүүсү бекитүү маселелеринен улам кечиккенин жана айрым тургундардын сел тууралуу көптөгөн сааттардан кийин кабары болгонун билдирди.

Жетекчилер бир гана Керр округунда 161 кишинин жоголгондугун билдирди. Жоголгондордун арасында Гвадалупе дарыясынын жанындагы "Кэмп Мистик" аттуу кыздардын жайкы лагеринен беш кыз жана бир кеңешчи да бар.

Үйлөрүнө кайткан тургундар кыйроо менен бетме - бет. Жетекчилер издөө топторуна кийлигишүүнүн болбошу керектигин, анткени урандынын тазаланышы үчүн оор каражаттардын колдонулгандыгын баса белгиледи.

Керри окуругунун шефи Ларри Лейта : “Бул баары салым кошуусу керек болгон кырдаал. Жоголгон жакындарын издеген үй - бүлөлөргө, коомчулукка жана мени бул кызматка алып келген адамдарга жооп берилиши керек”,- деди.

Сиреналык системанын жоктугу жана байланыштагы ыраатсыздык барган сайын нааразычылыктарды жаратууда. 2015-жылдан бери Керр округу суу ташкыны тууралуу эскертүү системасын орнотуу үчүн федералдык грант алууга кайрылууда.

Жекшемби күнү Трамп администрациясы суу ташкынын "чоң кырсык" деп жарыялап, куткаруу иштерине жардам берүү үчүн федералдык ресурстарды мобилизациялады.

Техас штатынын губернатору Грег Эбботт шаршемби күнү суу ташкындарына чара көрүү үчүн штаттын 2200дөн ашык кызматкерди жана 1200 унаа жана жабдууларды жөнөткөнүн билдирди. Учурда жүрүп жаткан куткаруу жана колдоо иштерине 20дан ашык мамлекеттик орган катышууда.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us