Малайзиянын тышкы иштер министри Мухаммед Хасан 10-июлда, аймактагы өзөктүк куралга тыюу салган бул келишимге Кытайдын бардык керектүү документтер бүткөндөн кийин кол коерун билдирди.
АСЕАНдын (Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясы) максаты Кытай, АКШ, Улуу Британия, Орусия жана Франция сыяктуу өзөктүк державалар бул келишимге кол коюу менен, өзөктүк куралды бүткүл региондо, анын ичинде өзгөчө экономикалык аймактарында жана континенталдык шельфтеринде колдонбоого же алып жүрбөөгө милдеттенме алышын камсыз кылуу болуп саналат.
АСЕАН жана өнөктөш өлкөлөрдүн министрлеринин жыйынынын алкагында журналисттерге маалымат берген тышкы иштер министри Мухамад Хасан “Кытай келишимге эч кандай эскертүүсүз кол коюуга убада берди”, – деди.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги, Хасандын билдирүүлөрүнө сереп салуу өтүнүчүнө азырынча жооп бере элек. Бирок өткөн аптада Бээжин келишимди колдой турганын жана кол коюуда жетекчиликти колго алууга даяр экенин билдирген.
3-июлда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин пресс-конференцияда Бээжин Түштүк-Чыгыш Азияда өзөктүк куралсыз аймак түзүүнү чечкиндүү түрдө колдой турганын жана келишимге биринчилерден болуп кол коюуну каалай турганын айтып, “Бул темада АСЕАН өлкөлөрү менен сүйлөшүүгө даярбыз” деген.
Кытай менен катар Орусия да келишимге кол коюуга макул болду. Ал арада Малайзиянын мамлекеттик медиасынын 2-июлдагы маалыматына караганда, АКШ келишимди дагы деле карап жатат.