САЯСАТ
4 мүнөт окуу
Түркия Украина тынчтык сүйлөшүүлөрүндө геосаясий тең салмактоочу
Украина ок атышууну токтотууга жакындаган сайын Анкаранын дипломатиялык аракеттери менен геосаясий тең салмактоочу стратегиясы Түркияны Европанын өзгөргөн коопсуздук түзүмүнүн борборуна жайгаштырууда.
Түркия Украина тынчтык сүйлөшүүлөрүндө геосаясий тең салмактоочу
/ Reuters
15 Март 2025

Украинадагы согуш орчундуу бир бурулушка жакындагандай. Сауд Арабияда өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин Киев Вашингтон сунуш кылган 30 күндүк убактылуу ок атышпоону кабыл алды. Буга жооп катары АКШ Украинага аскердик жардамды жана чалгындоо кабарларын бөлүшүүнү кайрадан баштады. Ушундайча кагылышуунун динамикалары дагы бир жолу өзгөрдү. Бул сунуш Москвага кандай жооп берери тууралуу кысым жасаса да айрым тынчсыздануулар уланууда. Ок атышпоо фронт линиясын гана токтотобу же чындыгында согушту акырына чыгарабы?

Бардык бул абалдардын негизинде эң маанилүү суроолордун бири: Түркия узак мөөнөттүү тынчтык процессинин калыптанышында кандай роль ойнойт?

Батыштык державалар Москвага каршы катаал позицияда турган мезгилде Түркия Россия жана Батыш менен тең салмактуу карым-катнаштарды түзүп, прагматикалык ортомчулук ролун алды.

Бул стратегия жаңы эмес.  Анкара көптөн бери өзүнүн геосаясий жайгашуусун аймактык туруктуулукту сактоо менен бирге стратегиялык автономиясын бекемдөө үчүн колдонууда. Бирок, азыр тынчтык сүйлөшүүлөрү күч алып жатканда, Түркиянын дипломатиялык жана аскердик таасири туруктуу чечимди камсыз кылууда чечүүчү ролду аткарышы  мүмкүн.

Чыгыш менен батыштын арасында ортомчулук

Түркия согуш башталгандан бери кылдаттык менен дипломатиялык тең салмактуулукту сактоо аракетин улантууда. НАТОнун мүчөсү катары Россиянын агрессиясын айыптап, Украинанын аймактык бүтүндүгүн жактады.

Ошол эле учурда Москвага санкция салуудан алыс болуп Россия менен соода жана коопсуздук диалогун улантты. Бул эки тараптуу мамиле  2022 -  жылы Стамбулда өткөн эрте ок атышпоо сүйлөшүүлөрүн өткөрүшүн жана глобалдык азык  - түлүк кризисин жеңилдетүүгө жардам берген Кара деңиз дан коридору келишимин ортомчулук кылууга мүмкүнчүлүк түздү.

Күч алган чыңалууларга карабастан президент Режеп Таййип Эрдоган диалогду жактоо боюнча  чечкиндүүлүгүн көрсөттү.  Тышкы иштер министри Хакан Фидан да жакында Түркиянын жаңы тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө даяр экендигин кайталап, Анкаранын «адилеттүү жана турктуу тынчтык» үчүн чечкиндүүлүгүн баса белгиледи.

Бул кадам Түркиянын дагы кенен тышкы саясат максаттары менен да шайкеш келүүдө: Кара деңиз аймагында туруксуздукка жол ача турган согуштун жолун тосуу. Анткени мындай сценарий Түркиянын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтириши мүмкүн.

Геосаясий мотивациялар

Түркиянын ортомчулук аракеттеринин негизинде тынчтык каалоосу жатат бирок стратегиялык кызыкчылыктар да бул процесстин негизги бир бөлүгү. Украинадагы узакка созулган согуш аймактык соода жолдорун үзгүлтүккө учуратып, энергия менен камсыздоого тескери таасирин тийгизип, экономикалык белгисиздикти күчөтүшү мүмкүн.

Өзгөчө согуштун НАТО менен Россиянын ортосунда түздөн түз бир кагылышууга айлана турган болсо Түркия  өзүн кооптуу абалда көрүшү мүмкүн. Анкара Москва жана Киев менен ачык диалог каналдарын коргоо менен келечектеги коопсуздук сүйлөшүүлөрүндө таасирин арттырууну максат кылууда.

Түркиянын маанилүү ролу акыркы жолу Лондондогу Европа коопсуздук саммитинде дагы бир жолу баса белгиленди. Салттуу Европа Биримдигинин күчтөрү Вашингтондун саясаттары менен тыгыз байланышта болуп, Түркиянын саммитке кошулушу, Анкаранын батыш коопсуздук архитектурасы мнен Евразия кызыкчылыктарынын ортосундагы өзгөчө функцияны аткаргандыгын ортого салды.

Европадагы айрым лидерлер Анкаранын Европа Биримдигине кошулушу боюнча  күмө санап жатса да Польшанын премьер  - министри Дональд Туск 12 -  мартта президент Эрдоган мененжолугушуп аймактык туруктуулук тууралуу сүйлөштү.

Бир тараптан НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Европа Биримдигин Түркия менен мамилелерди жакшыртууга чакырып, АКШнын саясаты өзгөрүп жаткан шартта жамааттык коопсуздук жана коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө зарылдыгын белгиледи.

Түркиянын НАТОдогу динамикалары

Түркия НАТОнун коопсуздук структурасында орун алган актер. АКШнын саясатынын туруксуздугу, өзгөчө администрацияны алмаштыруу учурунда, европалык лидерлерди стратегиялык көз карандылыктарын кайрадан карап чыгууга түрттү. АКШнын президенти Дональд Трамптын НАТОго болгон көз карандылыгы тууралуу өзгөргөн мамилеси Вашингтондун ишенимдүүлүгү тууралуу суроо белгилерди жаратты жана Европанын көз карандысыз  коопсуздук структураларын өнүктүрүү керек деген жүйөлөрдү күчөттү.

Ушунун негизинде Түркиянын күчтүү аскердик дарамети аны баш тартылгыс бир коопсуздук өнөктөш кылууда.

Ошол эле учурда Анкара коргонуу саясатын активдүү жүргүзүп, жергиликтүү аскердик технологияларга инвестиция салып, негизги кагылышуу аймактарында таасирин кеңейтти.

Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттарын өндүргөн өнөр жайы Украинанын коргонуусунда негизги ролду ойноп, кеңейген деңиз күчү да Кара деңизде коопсуздукту камсыз кылуудагы кызыкчылыктарын баса белгилеп жатат.

Алдыбыздагы жол

АКШнын дипломатияга кайрадан көңүл бурушу жана  ок атышпоо сунушунун күн тартибине келиши  менен Түркия келечектеги тынчтык аракеттеринде кандай роль ойной тургандыгы тууралуу чечим чыгарышы керек.

Эгерде Россия сунушту кабыл алса, Анкара процесстин кепили караты кыймыл кыла алат.  Ок атышпоонун шарттарынын аткарылышына шарт түзүп,  ишенимди чыңдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү уланта алат. Бирок Москва бул сунуштан баш тартса, Түркиянын таасири сыналышы мүмкүн жана ал НАТО  өнөктөштөрүнөн Россия менен  экономикалык карым  - катнаштарынан келген кысымдар менен бетме  - бет келиши   мүмкүн.

 Түркия ок атышпоодон башка  узак мөөнөттүү пайдаларды да  көздөп жатат. Дипломатиялык аракеттерине жооп катары Европа Биримдиги  менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн кайрадан баштатылышын, түрк жарандарына визасыз саякат укугун берүүнү жана Бажы биримдиги боюнча келишимди жаңыртууну талап кылышы мүмкүн.

Өзгөчө Европанын коопсуздугун калыптандырууда ойноп жаткан ролун көбүрөөк таанытууга шарт түзүү менен НАТОнун стратегиялык алкагында өз статусун көтөрүүнү максат кыла алат.

Ок атышпоонун ийгилиги кандай болсо болсун,  Анкаранын дипломатиялык кадамдары Түркияны согуштан кийинки тартипти түзүүдө борбордук позицияга коёт. Түркиянын НАТОдогу  өнөктөштөрү Россия менен карым  - катнаштарын тең салмактоо жөндөмдүүлүгү  аны дүйнөлүк дипломатиянын ажырагыс актеру кылууда.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us