Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Кытайдын Тяньцзинь шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын 25-саммитинин алкагында дүйшөмбү күнү Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту. Бул жолугушуу Анкаранын жогорку деңгээлдеги дипломатиялык аракеттерин дагы бир жолу баса белгиледи.
Түркиянын Коммникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, эки лидер ШКУ саммитинин алкагында эки тараптуу мамилелерди, аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашты.
Эрдоган Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтык процессиндеги жылыштарга канааттанганын билдирип, Түркиянын бул процесске салым кошууну уланта турганын айтты. Ошондой эле, Түркия менен Азербайжандын аймактык өнүгүү демилгелерин координациялоосу маанилүү экенин баса белгиледи. Эки өлкө энергетика жана транспорт сыяктуу көптөгөн тармактарда кызматташууну өнүктүрүү үчүн кадамдарды уланта турганын кошумчалады.
Жолугушуу Эрдоган калган мейманканада өтүп, жыйынга Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан жана Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов да катышты.
Түштүк Кавказдагы тынчтык талкууланды
Эрдоган саммиттин алкагында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен да жолугушту. Президенттиктен берилген маалыматка караганда, Түркия-Армения карым-катнаштары каралган жыйында Түштүк Кавказда туруктуу ырааттуулук жана тынчтык орнотуу аракеттерине көңүл бурулганы белгиленди.
Эрдоган Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтык процессиндеги жылыштарды кубаттап, Түркиянын аймактагы тынчтык, ырааттуулук жана өнүгүү аракеттерине колдоо көрсөтүүнү уланта турганын кайталады. Ошондой эле, Түркия менен Армениянын кызматташтыгын арттырууга багытталган кадамдар каралып жатканын айтты.
Жекшемби күнү Кытайга барган Эрдоган ошол эле күнү Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Президенттин дипломатиялык күн тартиби, аймактык динамика өзгөрүп жаткан учурда Анкаранын Азиядагы таасирин арттыруу аракетин чагылдырууда.
Кытайдагы ШКУ саммити
Дүйшөмбү күнү ШКУнун 25-саммити расмий түрдө Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин ачылыш сөзү менен башталды. Алгач Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандан турган “Шанхай бештиги” катары түзүлгөн уюмга кийинчерээк Өзбекстан алтынчы мүчө катары кошулган. Бүгүнкү күндө ШКУнун Азия, Европа жана Африканы камтыган 10 мүчө мамлекет, эки байкоочу жана 14 диалог өнөктөшү бар.