Сүйлөшүүлөрдөн кабардар булактын айтымында, АКШ президенти Дональд Трамп Украина боюнча келишимге жетишүү аракеттерин талкуулоо үчүн Ак үйдө европалык лидерлер менен жолугушууну үзгүлтүккө учуратып, Орусиянын президенти Владимир Путинге телефон чалды.
Сүйлөшүү Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Улуу Британия, Франция, Германия, Италия, Финляндия, Еврокомиссия жана НАТОнун лидерлерин кабыл алган учурда өттү.
Германиянын Bild гезитинин жазганына караганда Трамп сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өтүп жаткан Чыгыш залдан чыгып, сүйлөшүүнү өзүнчө өткөргөн.
Трамп буга чейин европалык лидерлерге сүйлөшүүлөрдөн кийин Путинге телефон чала турганын айткан. Андан көп өтпөй жолугушуу аяктады.
Коопсуздук кепилдиктери
Европа лидерлери Вашингтондо Украина үчүн милдеттүү коопсуздук кепилдиктери туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн өтө маанилүү экенин баса белгилешти.
"Биз бул жерге европалыктар, достор жана союздаштар катары келдик... Өлтүрүүнү токтоткула. Бул чындап эле биздин жалпы кызыкчылыгыбыз," - деп билдирди Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен.
Ал НАТОнун 5-беренесине негизделген кепилдиктер Украинанын узак мөөнөттүү коопсуздугу үчүн "өтө маанилүү" экенин айтты.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте да шашылыш чара көрүү зарылдыгын билдирип: "Эгер биз муну жакшы башкара алсак, аны токтото алабыз. Биз муну токтотушубуз керек. Өлтүрүүнү токтотушубуз керек, Украинанын инфраструктурасын талкалоону токтотушубуз керек," - деди.
Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони болсо 5-беренеге окшош моделди биринчи болуп Италия сунуштаганын айтып: "Биринчи маселе – коопсуздук кепилдиктери – мунун кайра кайталанбай турганына кантип ишенсе болот. Бул ар кандай тынчтыктын негизги шарты," - деди.
Британиянын премьер-министри Киер Стармер Вашингтондогу жолугушууну "тарыхый кадам" деп атап, Украинанын коопсуздугу Европанын коопсуздугу экенин баса белгиледи.
Лидерлер ошондой эле Трамп, Путин жана Зеленскийдин ортосунда өткөрүлүшү мүмкүн болгон үч тараптуу жолугушууну да талкуулашты.