Европа Биримдиги АКШ менен соода келишимине 9-июлга чейин жетишүүнү максат кылууда. Бул тууралуу Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана АКШ президенти Дональд Трамп ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин комиссиянын өкүлү дүйшөмбү күнү билдирди.
Бирок, АКШ менен Европа Биримдигинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш болгон-болбогону азырынча белгисиз. Бул сүйлөшүүлөр АКШнын эң ири соода өнөктөшүнө карата тарифтерди кескин жогорулатуу коркунучунун алдын алуу максатын көздөйт.
АКШ президенти Дональд Трамп дүйнөлүк соода согушун баштагандан кийин, дүйнө өлкөлөрү менен келишимдерди түзүү мөөнөтү кыскарып баратат. Бул соода согушу каржы базарларын солкулдатып, экономикаларын коргоо үчүн саясатчыларды шашылыш чара көрүүгө мажбур кылды.
Трамп жекшемби күнү АКШ жакынкы күндөрдө бир нече соода келишимдерин аяктоого жакын экенин жана 9-июлга чейин башка өлкөлөргө тарифтердин жогорулашы тууралуу кабар берерин айтты. Ал тарифтер 1-августка чейин күчүнө кирбей турганын, үч жума убакыт берилерин кошумчалады.
Ошондой эле Трамп БРИКС тобуна кирген өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү сынга алып, алардын "анти-америкалык" саясаттарды колдогон учурларында кошумча 10 пайыздык тариф киргизүү коркунучун билдирди. БРИКС тобуна Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка, ошондой эле Египет, Эфиопия, Индонезия, Иран жана Бириккен Араб Эмираттары кирет.
Европа Биримдиги тез жана жеңил соода келишимин түзүү же экономикалык күчүн колдонуп, жакшыраак натыйжага жетүү боюнча чечим кабыл алуу ортосунда турат. Биримдик 9-июлга чейин кеңири соода келишимине жетишүү үмүтүнөн баш тарткан болчу.
“Биз АКШ менен келишим түзүүнү каалайбыз. Биз тарифтерден качууну көздөйбүз,” – деп билдирди комиссиянын өкүлү күнүмдүк маалымат жыйынында. “Биз утуш-утуш натыйжаларын каалайбыз, утулуш-утулуш эмес”,-деп кошумчалады.
Соода келишимдеринде "убакыт - акча"
Соода келишимдеринде убакыттын мааниси чоң. Алдын ала келишим болбосо, АКШнын көпчүлүк импортко карата тарифтери учурдагы 10 пайыздан 2-апрелде Трамп белгилеген деңгээлге чейин көтөрүлөт. Европа Биримдиги үчүн бул 20 пайызды түзмөк.
Урсула фон дер Ляйен дем алыш күндөрү Германия, Франция жана Италия лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн Германия билдирди. Германиянын канцлери Фридрих Мерц тарифтерге аялуу тармактарды, мисалы, автоунаа жана фармацевтика тармактарын коргоо үчүн тез арада келишим түзүү зарылдыгын бир нече жолу баса белгилеген.
“Убакыт деген сөздүн чыныгы маанисинде– акча ,” – деп билдирди Германиянын өкүлү Берлинде журналисттерге. “Бул жагынан алганда, чечим кабыл алуу үчүн дагы 24 же 48 саат берилиши керек”,деген сөздү айтты.
Орусия болсо БРИКС тобу башка өлкөлөрдү алсыратууга аракет кылбаганын билдирди. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: “Бул жерде БРИКС сыяктуу топтун уникалдуулугу – бул өлкөлөрдүн өз кызыкчылыктарына негизделген кызматташуу боюнча жалпы көз караштары жана ыкмалары бар экендигинде, жана бул кызматташуу эч качан жана эч бир үчүнчү өлкөгө каршы багытталган эмес.” – деп билдирди.