Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) 17-саммити аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жаңы максаттарды белгилөө менен аяктады.
Азербайжандын Ханкенди шаарында өткөн саммитте биргелешкен билдирүү кабыл алынып, Азербайжандын бошотулган Карабах жана Чыгыш Зангезур экономикалык аймактарында жүргүзүлүп жаткан кеңири масштабдуу калыбына келтирүү жана өнүктүрүү аракеттери жогору бааланды.
Ошондой эле билдирүүдө “Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 51-сессиясында кабыл алынган Стамбул декларациясы жана тиешелүү резолюция” жөнүндө сөз болуп, азыркы Армениянын аймагынан күч менен чыгарылган жүз миңдеген азербайжандыктардын абалына көңүл бурулду. Бул адамдардын өз жерлерине тынчтыкта, коопсуз жана кадыр-барктуу кайтып келүү укугу дагы бир жолу баса белгиленди.
Билдирүүдө ЭКУ мүчөлөрү экономикалык туруктуулук жана климатка туруктуулукту келечектеги күн тартибинин борборуна коюу керектигин макулдашып, кайра жаралуучу энергиянын кубаттуулугун жогорулатуу, климатка ылайыктуу айыл чарбасы, суу ресурстарын башкаруу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо сыяктуу маселелер боюнча биргелешкен кадамдарды жасоо зарылдыгы айтылды.
ЭКУнун аял лидерлеринин, айрыкча Азербайжандын биринчи вице-президенти Мехрибан Алиева жана Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдогандын экологиялык демилгелери, анын ичинде “Нөл калдык” (таштанды чыгарбоо) демилгеси жогору бааланды.
Билдирүүдө Азербайжан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясын (COP29) ийгиликтүү өткөргөнү менен куттуктоолор айтылып, Түркиянын 2026-жылы COP31 конференциясын өткөрүү боюнча талапкерлиги колдоого алынды.
Мындан тышкары, “ЭКУ Инвестициясы,” Соода-өнөр жай палаталарынын кеңеши, бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү жана ЭКУнун Соода жана өнүктүрүү банкынын ыйгарымдуулугун күчтөндүрүү сыяктуу демилгелер колдоого алынды.
Ошондой эле билдирүүдө жасалма интеллект, блокчейн, космос технологиялары жана маалыматтык технологиялар тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү, ЭКУнун Жасалма Интеллект Борбору сыяктуу түзүмдөрдү бекемдөө пландары белгиленди.

Газа, Иран жана Индия-Пакистан маселелери боюнча тынчсыздануулар
Билдирүүдө Газа тилкесиндеги абал, Израиль-Иран кагылышуулары жана Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуу маселелери да каралды.
Билдирүүдө Газадагы абалдын начарлап жатканына тынчсыздануу билдирилип, тез арада жана туруктуу ок атышууну токтотуу, ошондой эле гуманитардык жардамга чектөөсүз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу чакырыгы жасалды.
Ошондой эле Израилдин Иранга карата акыркы чабуулдарына тынчсыздануу билдирилип, эл аралык укукту урматтоо жана пикир келишпестиктерди диалог аркылуу чечүү чакырыгы айтылды.
Билдирүүдө Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуунун күчөп жатканына тынчсыздануу билдирип, Пакистан менен тилектештикти билдирип, эки тарапты дипломатиялык чечимдерди издөө чакырыгын жасады.
Билдирүүдө ЭКУнун 18-саммити 2027-жылы Иранда өтөрү белгиленди.