ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп: Украинанын өзүн коргошу үчүн дагы көп курал жөнөтүлөт
Трамп Киевге биринчи кезекте коргонуу максатында курал-жарак жөнөтөрүн айтып, Путиндин Украинадагы согушту токтотпогонуна "капалангандыгын" билдирди.
Трамп: Украинанын өзүн коргошу үчүн дагы көп курал жөнөтүлөт
/ Reuters
7 саат мурун

АКШнын президенти Дональд Трамп согуш кыйраткан Украинанын орус чабуулдарынан коргонуусуна жардам берүү максатында дагы көп курал - жарак жөнөтүшөрүн айтты.

Дүйшөмбү күнү Ак үйдө журналисттерге маалымат берген Трамп Украинанын Россиянын оор соккуларына дуушар болгонун жана өзүн коргоосу керектигин белгилеп, АКШнын эң көп коргонуу максатында курал жөнөтөрүн билдирди.

Трамп жума күнү журналисттерге берген маалыматында Украинанын өзүн коргоо үчүн Патриот ракеталарына муктаж болорун айткан бирок дүйшөмбү күнү бул тууралуу атайын токтолгон жок.

АКШнын лидери Израилдин премьер - министри Биньямин Нетаньяху менен кечки тамактанар алдында : “Дагы көп курал жөнөтүбүз. Аргасызбыз. Өздөрүн коргошу керек. Азыркы учурда абдан катуу атып жатышат. Эң көп коргонуу максатында курал жөнөтөбүз”,- деди.

Россиянын президенти Владимир Путиндин согушту токтотпогонуна “ капа” болгонун белгилеген Трамп : “Бул жагдайдан ыраазы эмесмин”.- деди.

“Көкө жүзүн коргоо”

Украинанын президенти Владимир Зеленский жума күнү Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин Киевдин “көк жүзүн коргоо” мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн АКШ менен бирдикте иштөөгө чечим чыгаргандыгын айтты. Зеленский Трамп менен биргелешкен коргоо өндүрүшү, сатып алуу жана инвестициялар тууралуу сүйлөшкөндөрүн белгиледи.

Украина күч алган орус кол салууларына каршы шаарларын коргоо үчүн Вашингтондон Патриот ракеталарын жана системаларын көбүрөөк сатууну талап кылууда.

Вашингтондун Украинага айрым куралдарды жеткирүүнү токтотуу чечими Киевдин Россиянын абадан кол салууларына жана согуш аянтында алдыга жылышына каршы коргонуу мүмкүнчүлүгүн алсыратуу тууралуу эскертүүлөрүнө жол ачты. Германия Украина үчүн Патриот абадан коргоо системаларын сатып алуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөндүгүн белгиледи.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us