ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Пакистанда 300дөн ашуун адамдын өмүрүн алган суу ташкындары климаттык кризистен улам күчөдү
Катуу муссон жамгырлары акыркы бир нече айда Түштүк Азияда, өзгөчө беш өлкөнү камтыган Гималай тоолорунда бир катар кырсыктарды алып келди.
Пакистанда 300дөн ашуун адамдын өмүрүн алган суу ташкындары климаттык кризистен улам күчөдү
/ AP
7 Август 2025

Жаңы изилдөөгө ылайык, Пакистанда акыркы апталарда жүздөгөн адамдын өмүрүн алган катуу жамгырдын таасири климаттык кризистен улам күчөдү.

Дүйнөлүк Аба Ырайы Атрибуциясы (WWA) аттуу эл аралык илимпоздор тобунун изилдөөсү 24-июндан 23-июлга чейин Пакистанда жааган жамгыр климаттык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында 10-15 пайызга көп болгон. Бул абал шаар жана айыл аймактарында көптөгөн имараттардын кыйрашына алып келди.

Пакистан өкмөтүнүн маалыматына караганда, 26-июндан бери селдер, катуу жаан жана башка аба ырайынын шарттарынан улам кеминде 300 адам каза болуп, 1600 үй зыянга учураган.

Түндүк Пакистанда жашаган 50 жаштагы ишкер Сакиб Хасан 22-июлдагы селдин үйүн жана 18 тууганынын үйүн, фермасын жок кылгандыгын айтты. Ал белгилегендей, фермасындагы малдар суу ташкынында жоголуп, өзү жана үй-бүлөсү үчүн болжол менен 100 миллион рупий (360 миң доллар) зыян келтирген.

Хассан Сарварабад аттуу кичи шаардагы үйлөрүн бошотуп жана бийик жерлерге баруулары үчүн алган бир гана эскертүүнүн акыркы мүнөттө жакын жердеги мечиттен жарыялангандыгын айтты.

Хассан телефон аркылуу билдирүүсүндө:“Биз азыркы учурда үйсүз калдык. Үйлөрүбүз кыйрады. Өкмөт бизге болгону 50,000 рупий (177 доллар) баасында азык-түлүк жана жети чатыр берди. Акыркы эки жумадан бери бул чатырларда жашап жатабыз,” – деди.

WWA изилдөөсүнө катышпаган Исламабад борбору болгон климат боюнча илимпоз Якоб Штайнер глобалдык жылуулуктан улам келип чыккан жогорку температура жана нөшөрлөгөн жамгырдын акыркы мезгилдеги экстремалдык аба ырайынын күтүлгөндөн дагы ылдам көбөйүшүнө себеп болгонун айтты.

Исламабадда жайгашкан климаттык илимпоз Якоб Штайнердин айтымында, глобалдык жылуулуктун таасири менен жогорку температура жана катуу жаан-чачын акыркы убактарда күтүлгөндөн да тез күчөп жатат.

Австриядагы Грац университетинде тоолуу аймактардагы суу ресурстарын жана ага байланыштуу тобокелдиктерди изилдеген геолог: «Акыркы жумаларда биз Пакистанда гана эмес, Түштүк Азия аймагында да бизди таң калтырган көптөгөн окуяларды карап чыктык. 2050-жылы болору күтүлгөн көптөгөн окуя 2025-жылы ишке ашты. Бул жайда дагы температура орточо көрсөткүчтөн бир топ жогору болду.",- деди.

Катуу муссон жамгырлары акыркы бир нече айда Түштүк Азияда, өзгөчө беш өлкөнү камтыган Гималайда бир катар кырсыктарды алып келди. Июль айында ташкан мөңгү көлдөрү Непал менен Кытайды байланыштырган негизги көпүрөгө жана бир нече ГЭСке зыян келтирди.

Ушул аптанын башында Индиянын түндүгүндөгү айылдардын биринде сел жана жер көчкү кеминде төрт адамдын өмүрүн алып, жүздөгөн адам дайынсыз жоголду.

Климаттык өзгөчө кырдаал

Бейшемби күнү эртең менен жарыяланган WWA изилдөөсүнүн авторлору Пакистандагы жаан-чачындын анализи климаттык кризистин суу ташкындарын ого бетер кооптуу абалга алып келгендигин көрсөттү. Климат таануучулар дагы ысык атмосферанын нымдуулукту көбүрөөк кармай турганын, мунун жаан-чачынды күчөтөөрүн аныкташты.

“Ар бир ондук даражадагы жылуулук муссондук жаан-чачындын көбөйүшүнө алып келет. Ошондуктан, казылып алынган отундан кайра жаралуучу энергияга тез өтүү өтө маанилүү,” – деди Лондондогу Империал Колледждин Экологиялык Саясат Борборунун изилдөөчүсү жана WWA изилдөөсүнүн башкы автору Мариам Захария.

Пакистан атмосферадагы жылуулукту жогорулаткан газдардын 1% азынан жооптуу болсо да, изилдөөлөр анын экстремалдык аба ырайынан пропорционалдуу эмес зыян тартканын көрсөтүүдө. Пакистан 2022-жылы эң кыйратуучу муссон мезгилин өткөрдү, сел апааты 1700дөн ашуун адамдын өлүмүнө алып келип, болжол менен 40 миллиард доллар зыян келтирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, климаттык кризистен улам жоготуулар жана зыяндар менен күрөшүү үчүн түзүлгөн глобалдык фонддор Пакистан сыяктуу өлкөлөргө жардам берүү үчүн жетиштүү каражатка ээ эмес.

WWA отчету Пакистандын ылдамдык менен өсүп жаткан шаар калкынын көп бөлүгү көбүнчө сел коркунучу бар аймактардагы убактылуу үйлөрдө жашайт. Отчетто көрсөтүлгөн 300 өлүмдүн жарымынан көбүнө үйлөрдүн урап калышы себеп болгон.

WWA отчетунун даярдалышына салымын кошкон Кызыл Крест Климат борборунан Мажа Вальберг: “Селге туруктуу үйлөрдү куруу жана сел коркунучу бар аймактарда курулуштан алыс болуу оор жоготууларды алдын алат,” – деди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us