Ак үй Азербайжан менен Армениянын лидерлеринин ортосунда кол коюла турган тынчтык «жол картасынын» көптөн бери күтүлүп жаткан транзиттик жолду түзө турганын жана эки өлкөнүн Вашингтон менен эки тараптуу карым-катнаштарын тереңдете турганын жарыялады.
Жума күнү Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Ак үйгө өз өзүнчө келиши күтүлүүдө. Биринчи Пашинян келет, андан кийин Алиев келет. Эки лидер Трамп менен ар башка эки тараптуу жолугушуу өткөргөндөн кийин Мамлекеттик тамактануу залында өтө турган үч тараптуу кол коюу аземинде жолугушат.
Ак үйдүн катчысы Анна Келли журналисттерге берген билдирүүсүндө : «Келишкен жол картасы; эки өлкө Түштүк Кавказия аймагы жана андан башка аймактар үчүн да пайдалуу боло турган кызматташууга таянган келечек курат. Бул тынчтык жолун ишеним астына алуу менен Түштүк Кавказия аймагынын соода, өткөөл жана энергетика тармактарындагы чоң потенциалын ачыкка чыгарып жатабыз»,- деди.
Келишим ошондой эле "Эл аралык тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн Трамптын жолу" деп аталган долбоорду ишке ашырууну камтыйт. Ак үйдүн басма сөз катчысы Келли бул жолдун "Азербайжандын негизги бөлүгүн Нахчыван Автономиялык Республикасы менен байланыштырган, Армениянын эгемендүүлүгүн, аймактын бүтүндүгүн жана элин сыйлаган көп тармактуу өтмөк аймагы" болорун айтты.
Буга чейин кагылышууну жөнгө салуу боюнча сунуштарда Нахчыван менен Азербайжандын негизги бөлүгүнүн ортосундагы Зангезур коридору деп аталган каттам каралган. Атын атагысы келбеген расмий өкүлдөрдүн бири келишим менен "коридор" деген сөз мындан ары күн тартибинен алынып салынганын белгилеп :"Эми коридор жок" деди.
Расмий өкүл : «Президент Трамптын бул маселени чечүү жолу эл аралык тынчтык жана бейпилдик үчүн Трамп жолун ортого салуу болду»,- деди.
Минск тобун таратуу сунушу
Жолдун ким тарабынан иштетиле тургандыгы тууралуу сүйлөшүүлөрдүн алдыбыздагы жуманын ортосунда башталышы күтүлүүдө. АКШнын жогорку даражалуу администрация өкүлү, азырынча тогуз потенциалдуу оператордун кызыгуусун билдиргенин, алардын үчөө америкалык экенин билдирди.
Келишимге кол коюлгандан кийин «жол картасы» тууралуу тактоо үчүн алыдыдагы айларда иш алып баруу тобунун түзүлөрү пландалууда.
Лидерлер Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунан АКШ, Россия жана Франция тең төрагалык кылган жана эки өлкөнүн ортосундагы чыр-чатакты чечүү үчүн түзүлгөн Минск тобун жоюуну талап кылган биргелешкен катка кол коюшат.
Армения менен Азербайжан 1980-жылдардын аягынан бери бир нече чек ара согуштарын өткөрдү, анын ичинде эң акыркысы 2023-жылы Азербайжандын Карабахты кайтарып алуусу болду.
Ак үйдүн катчысы Келли Пашинян менен Алиевдин "ар бир өлкө жана аймак менен мамилелерибизди чыңдап жатып, америкалык компанияларга да пайда алып келе турган" эки тараптуу келишимдерге АКШ менен өз-өзүнчө кол коюшаарын билдирди.
Ак үй макулдашуулардын энергетика, технология, экономикалык кызматташтык, чек ара коопсуздугу, инфраструктура жана соода сыяктуу эки тараптуу маселелердин кеңири чөйрөсүн камтый тургандыгын билдирди.