Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Израилдин Газага жасаган акыркы аба соккуларында 5 жардам кызматкеринин каза болушу жана 2 кишинин оор жаракат алышынан кийин İHH Гуманитардык жардам фондуна көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү.
Алтун бейшемби күнү X платформасында бөлүшкөн билдирүүсүндө, жаш, кары, бала, аял дебестен “геноцид деңгээлинде” террордук кылган Израиль өкмөтүнүн эми гуманитардык жардам көрсөтүп жаткан кызматкерлерди бутага алганын айтты.
“Газада жаш, кары, бала, аял дебестен системалуу түрдө кыргындарын улантып, геноцид деңгээлинде террордук кылган сионист Израиль өкмөтү, өз элине бир тиштем нан же бир ууртам суу жеткирүүгө аракет кылган бейкүнөө жардам ыктыярчыларын бомбалоого чейин барды” деди.
Фахреттин Алтун эл аралык коомчулукту бул зомбулукка каршы үнүн көтөрүп, конкреттүү чараларды көрүүгө чакырды. Түркия катары Газадагы кан төгүүнү токтотуу жана ырайымсыз Израиль терроруна жооптуу канкорлорду жоопко тартуу үчүн дипломатиялык каналдар жана эл аралык уюмдар аркылуу иштөөнү улантарын айтты.
Өмүрүн тобокелге салып жардам жеткиришүүдө
Газада Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) менен биргеликте иш алып барган İHH, жардам кызматкерлери Израилдин аскердик чабуулдарынын шартында Газада камалып калган жайкын тургундарга азык-түлүк жана башка керектүү каражаттарды жеткирүү аракеттерине катышып жатканын билдирди.
“Биз күн сайын өз өмүрүн тобокелге салып, Газадагы эзилген элге жардам жеткирген гуманитардык кызматкерлерге багытталган бул жийиркеничтүү кол салууну катуу айыптайбыз,” – деди İHH.
Кол салууларда каза болгон жардам кызматкерлери Мухаммед эл-Мубаййид, Ахмед Бустан, Мутаз Режеб, Исхак эл-Тайф жана Жемал эл-Мубаййид экени аныкталды.