ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Беш Израиль аскери каза болду: Кассам бригадасы каршылык көрсөтүүдө
Израиль армиясынын маалыматына ылайык, Газа согушунун башталышынан бери каза болгон аскерлердин саны 888ге жетти.
Беш Израиль аскери каза болду: Кассам бригадасы каршылык көрсөтүүдө
Five Israeli soldiers killed in Gaza. / AA
12 саат мурун

Хамас уюмунун аскердик канаты Кассам бригадалары шейшемби күнү 7-июлда өлтүрүлгөн беш израилдик аскердин өлүмүнүн жоопкерчилигин моюнга алды. өзүнө алганын билдирди.

Кассам бригадаларынын өкүлү Абу Убейда дүйшөмбү күнү жоокерлер тарабынан жүргүзүлгөн “Бейт Ханун операциясынын” Израиль армиясынын “алсыз аброюна кошумча сокку болгонун” айтып, кийиник убактарда “дагы көп аскерди туткунга алуу менен” коркутту.

“Израил армиясы өзүнүн аскерлерин тозоктон бир керемет менен куткарууда ийгиликтүү болсо да мунун кийиник убактарда мүмкүн болбой турганын жана бул да колубузда дагы көп туткундун болушуна алып келет”, - деди өкүл.

"Палестиналыктардын каршылыгы жана чечкиндүүлүгү кийинки этаптын чектерин түзүүдө. Нетаньяхунун эң акылсыз чечими - аскерлерин Газанын ичинде кармап турууну улантуу болот", - деп кошумчалады Убу Убейда.

Израиль армиясынын радиосу окуянын Нетзах Йехуда бригадасынан бир жөө патрулунун Бейт Ханун шаарчасынан өтүп бара жаткан убакта болгонун билдирди.

Радиодон : “Жарылуу болгон аймактагы жаралууларды эвакуациялап жатып куралдуу күчтөр куткаруучу күчтөрүнө тузак куруп ок атты жана бул да дагы көп жоготууга жол ачты”,- деп айтылды.

Израиль Газаны дээрлик толугу менен бомбалап, кыйратып 57000ден ашуун адамды өлтүрдү. Палестина отурукташуу жерлерин урандыга айландырганына карабастан каршылык көрсөтүүчү согушкерлердин ал жердеги израилдик аскерлерге чабуулун улантууда.

Израиль миңдеген Хамас жоокерлерин өлтүргөнүн билдирүүдө. Бирок укук коргоочулар Тель-Авивдин бул эсептөөлөрүнөн олуттуу күмөн санашууда, анткени израилдик аскерлер көпчүлүк учурда жоокерлерди бутага алуу шылтагы менен куралсыз адамдарды өлүргөн.

6-июнда Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус шаарындагы Бани Сухейла аймагында бир имараттагы жарылуудан төрт израилдик аскер каза болуп, бешөө жаракат алган.

Тель - Авив 25 - июнда Газанын түтүгүндөгү Хан Юнус шаарындагы брондолгон унаанын жарылуучу зат менен атылышынын натыйжасында 7 Изриаль аскеринин каза болгонун ырастады.

Израиль армиясынын маалыматына ылайык, 2023 - жылдын 7 - октябрында башталган кургактык чабуулунда каза болгон 444 аскер да болгон Газа согушу башталгандан бери каза болгон аскер саны 888ге жетти.

Ошондой эле, 2768и кургактагы операция учурунда жаракат алган аскерлер менен бирге кеминде 6060 аскер жаракат алган.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us