АКШнын президенти Дональд Трамп анын администрациясы Орусиянын мунайын сатып алууну уланткан өлкөлөргө карата "көптөгөн" кошумча санкцияларды киргизерин билдирди. Бул билдирүү Индияга жаңы жазалоо чаралары жарыялангандан бир нече саат өткөндөн кийин жасалды.
"Сиздер дагы көп нерсени көрөсүздөр. Көптөгөн кошумча санкцияларды көрөсүздөр," - деп Трамп шаршемби күнү Ак Үйдө журналисттерге айтты. Ал Кытай дагы кийинки максаттардын бири болушу мүмкүн экенин белгиледи.
"Болушу мүмкүн. Биздин аракеттерге жараша болот. Болушу мүмкүн," - деп Трамп Кытайга окшош чаралар колдонулушу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып айтты. Ал ошондой эле Кытай менен жүрүп жаткан соода сүйлөшүүлөрү тууралуу сөз кылып, аларда жылыштар бар экенин кошумчалады.
Ошол эле күнү Трамп Орусиянын мунайынан пайда көрүп жаткандыгы үчүн Индияга кошумча 25 пайыздык тариф киргизүү боюнча буйрукка кол койду. Бул тарифтер 21 күндөн кийин күчүнө кирет.

Буйрук мамлекеттик катчы Марко Рубио менен каржы катчысы Скотт Бессентке Орусиянын мунайын "түз же кыйыр түрдө" импорттогон башка өлкөлөрдү аныктоо тапшырмасын да жүктөдү.
Бул жарыя АКШнын атайын өкүлү Стив Виткоффтун Москвага барып, орус бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин, Трамп кошумча санкциялар боюнча "чечим кабыл алабыз" деп айткан күндүн эртеси жасалды.