Россия ишембиге караган түнү Украинанын Днепр шаарына жана анын айланасына учкучсуз учуучу аппараттар жана ракеталар менен чоң масштабда чабуул жасады. Украин бийликтери кол салуулардан үч кишинин каза болгонун кабарлады.
Украинанын аскердик аба күчтөрү Москва күчтөрүнүн жалпысынан 235 учкучсуз учуучу аппарат жана 27 ракета учуруп, турак-жай жана соода имараттарына зыян келтирип, өрт чыкканын жарыялады. Билдирүүдө 10 ракета жана 25 чабуулчу учкучсуз учуучу аппараттын 9 башка бутага тийгени, калгандарынын атып түшүрүлгөнү белгиленди.
Днепропетровск облусунун губернатору Сергей Лысак Telegram баракчасына: "Коркунучтуу түн. Аймакка карата массалык биргелешкен чабуул",-деп жазды.
Лысак Днепрде жана анын айланасындагы аймакта үч кишинин каза болгонун, алты кишинин да жаралангандыгын билдирди. Ал жарыялаган сүрөттөрдө өрт өчүрүүчүлөрдүн өрт менен күрөшүп жатканы, айнектери талкаланган үйлөр жана күйүп кеткен унаалар тартылган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский чабуулга жооп кайтарыларын билдирди.
Зеленски :"Орус аскерик ишканалары, логистикалык борборлору жана аэропорттору Россиянын өзүнүн согушунун эми чыныгы кесепеттери менен өздөрүнө кайтканын сезиши керек",- деп билдирди Телеграм баракчасынан.
"Чыныгы тынчтык"
Акыркы айларда Украинанын Россиянын аймагына карата чабуулдары күчөп, эки тарап тең учкучсуз учуучу аппараттар менен жооп кайтарып, 1000 чакырымдан ашык фронтто катуу кагылышуулар уланууда.
Ошол эле учурда Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова ишемби күнкү билдирүүсүндө тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жана чечүүчү жолдун Батыштын чыныгы күн тартибинде жок экенин айтты.
Захарова ТАСС маалымат агенттигине: "Эгер Батыш чындыгында “чыныгы тынчтыкты” кааласа, Киевге курал ташууну токтотмок",-деп билдирди.
Захарова бейшемби күнкү жумалык маалымат жыйынында шаршемби күнү Стамбулда орус жана украиналык расмий өкүлдөрдүн сүйлөшүүсү боюнча комментарий берүүдөн алыс турду.