Түркиянын БУУдагы өкүлү Ахмет Йылдыз Израилдин саясаты Сириядагы туруксуздукту күчөтүп, аймактык коопсуздукка коркунуч жаратып жатканын айтты. Ал эл аралык коомчулукту калган санкцияларды алып салууга жана өлкөнүн эгемендүүлүгүн колдоого чакырды.
Йылдыз бейшемби күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында:“Сирия эл аралык күн тартибинде жогорку орунда кала берүүдө. Жаңы мезгил өлкөнүн эгемендүүлүгү, аймактык бүтүндүгү жана улуттук биримдиги негизинде тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн туруктуу аракеттерди талап кылат”, - деди.
Ал “бул максатка жетүү үчүн Сирия администрациясын күчтөндүрүү маанилүү” экенин белгилеп, “өлкөдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту калыбына келтирүү боюнча негизги милдеттен алаксыбоого тийишпиз” деп кошумчалады.
Йылдыз Сирия администрациясынын өз жарандарына кызмат көрсөтүүсү үчүн калган санкцияларды алып салууга чакырып, “борборлоштурулган администрация жана бирдиктүү улуттук армия тынчтык үчүн ажырагыс мааниге ээ” деп баса белгиледи.
“Сувейдадагы акыркы окуялар Израилдин аймактагы кыйратуучу жана туруксуздук жараткан саясатынын мүнөзүн дагы бир жолу көрсөттү”, - деди ал. “Сириянын биримдигине, туруктуулугуна жана элинин жыргалчылыгына коркунуч келтирген аракеттерге жол берилбеши керек”, - деп эскертти.
“Сириянын эгемендүүлүгүн бузган же бөлүнүүнү күчөткөн аракеттер аймактык туруксуздуктун кеңейүү коркунучун жаратат”, - деп кошумчалады.
‘Ишенимдүү кадамдар’
Сувейдада июль айынын ортосунда бедуин уруулары менен друз топторунун ортосунда кагылышуулар чыккан. Өкмөттүк күчтөр жаңжалды токтотуу үчүн кийлигишсе, Израиль друз азчылыгын коргоо шылтоосу менен Дамаскты бомбалаган. АКШнын ортомчулугу менен ок атышууну токтотуу келишими жарыяланган.
Йылдыз Сирия өкмөтү менен СДК террордук уюму ортосунда 10-мартта жетишилген келишимге көңүл буруп, “СДК тарабынан чыңалууну азайтууга же коопсуздук жана ишеним чөйрөсүн түзүүгө багытталган ишенимдүү кадамдарды көрө элекпиз” деп белгиледи.
“Белгисиздикти узартууга жана мүмкүн болгон кризистерди өз пайдасына пайдаланууга аракет кылган СДКга кошумча басым жасалышы керек”, - деп баса белгиледи ал.
10-мартта Сирия президенти СДКны мамлекеттик институттарга интеграциялоо боюнча келишимге кол коюлганын жарыялап, өлкөнүн аймактык биримдигин бекемдеп, бөлүнүүгө каршы экенин билдирген.
СДК террордук уюм ПККнын сириялык бутагы болгон террордук топ ЙПГ (YPG) тарабынан башкарылат. (СДК-Сириянын демократиялык күчтөрү деп аталып, террордук иш-аракеттерин жаап жашырууга багытталган уюм)
Йылдыз “алдыдагы мезгил Сирия өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкты жана эл аралык деңгээлде жакын иш алып барууну талап кылат” деп белгилеп, “Түркия бул көз карашта толук берилген бойдон калат” деп кайталады.
Сирия өкмөтү өткөн жылы Башар Асаддын 24 жылдык бийликтен кулатылышынан кийин коопсуздук чараларын күчөткөн.
Асад декабрь айында Орусияга качып, 1963-жылдан бери бийликте турган Баас партиясынын режими аяктаган. Январь айында президент Ахмед аль-Шараа жетектеген жаңы администрация түзүлгөн.