ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган Макрон менен Газа жана Орусия-Украина тынчтык процессин талкуулады
Түркиянын президенти Эрдоган Анкаранын, Газадагы гуманитардык трагедияга каршы ок атышпоого жетишүү үчүн аракет кылып жатканын баса белгиледи.
Эрдоган Макрон менен Газа жана Орусия-Украина тынчтык процессин талкуулады
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Франциянын президенти менен Орусия-Украина тынчтык процессин талкуулашууда. / Reuters
6 саат мурун

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Орусия-Украина тынчтык процесси жана Газадагы акыркы абалдарды талкуулады.

Коммуникация башкармалыгы тарабынан түрк социалдык медиа платформасы NSosyal аркылуу жарыяланган билдирүүгө караганда, эки лидер бейшемби күнү француз тараптын талабы боюнча өткөргөн телефондук сүйлөшүүдө «Түркия менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар, Орусия-Украина тынчтык процесси, Газадагы акыркы абалдар, бир катар аймактык жана глобалдык темалар боюнча пикир алмашышты.

Эрдоган Макронго Орусия-Украина согушун адилеттүү тынчтык жолу менен бүтүрүү аракетин улантып, Аляска менен Вашингтондо болгон жолугушууларды жакындан байкап жаткандарын айтты.

Ал ошондой эле "Түркиянын Украина менен Орусиянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн бардык демилгелерди кабыл алууга даяр экенин" баса белгиледи.

Газа темасында Эрдоган “чоң гуманитардык трагедиянын” алдында ок атышууну токтотуу үчүн Түркиянын аракет кылып жатканын билдирип, “Израилдин басып алуу планын илгерилетүүдөгү ойлонбогондугун ооздуктоо керектигин” айтты.

Эки лидер бул маселелерди сентябрда Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында кененирээк талкуулоого макулдашты.

Билдирүүдө Эрдоган Түркиянын Франция менен кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани бергенин баса белгилеп, ар кандай тармактарда, өзгөчө коргоо өнөр жайында мамилелерди өнүктүрүү боюнча кадамдарды улантарын айтканы” кошумчаланды.

Франция Түркияга ыраазычылык билдирди

Ал арада Макрон X платформасында эки лидердин Орусиянын Украинага карата “агрессиялык согушун” токтотуу максатын бөлүшөрүн айтып, Киев үчүн “ок атышууну токтотуу жана бекем коопсуздук кепилдиктери” зарыл экенин баса белгиледи.

Макрон Түркияга бул темада коалициянын алкагындагы кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Макрон Израиль өкмөтүнүн Газа тилкесине жаңы аскердик чабуул баштоо жана Батыш Жээктеги, өзгөчө E1 аймагындагы отурукташуу пландарын кеңейтүү чечимдерин айыптады.

Мындай кадамдар “тынчтык аракеттерине каршы келерин” жана “туруктуу согуш абалына” себеп болорун айтты.

Макрон “Аймактагы бардык тараптар үчүн тынчтык жана коопсуздукка жетүүнүн жалгыз жолу – ок атышууну токтотуу, барымтадагыларды бошотуу, гуманитардык жардам жеткирүү жана саясий чечимди издөө” деп билдирди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us