Рейтер агенттиги Израиль Хамастын жогорку даражалуу жетекчилигин бутага алган чабуулду жасаганын ырастады, бирок кол салуу болгон жер тууралуу маалымат берген жок.
Катардын маалымат каражаттары борбор шаар Дохада жарылуулар угулуп, асманды түтүн каптаганын кабарлашты.
Израилдин жогорку даражалуу расмий өкүлү жергиликтүү маалымат каражаттарына чабуул Хамастын лидеринин орун басары Халил аль-Хайя менен жогорку даражалуу расмий Захир Жабаринди бутага алганын билдирди.
Сауд Арабиянын Al Arabiya телеканалынын маалыматына караганда, Хамастын башкы сүйлөшүүчүсү ал-Хайя Катардын Доха шаарында Израилдин соккусунан каза болгон.
Израилдин расмий өкүлдөрү да Рейтер агенттигине чабуул Катардагы ХАМАСтын лидерлерин бутага алганын, бирок курмандыктар жана кол салуунун көлөмү тууралуу маалымат жок экенин айтышты.
Хамастын булактарына таянуу менен Al Jazeera телеканалы Дохада АКШ президенти Дональд Трамптын ок атышпоо боюнча акыркы сунушун талкуулап жаткан жолугушууда топтун сүйлөшүү тобу бутага алынганын билдирди.
Катар өз аймагында болгон кол салууну дароо айыптап, аны "коркоктук" деп атап, кол салууну "эл аралык мыйзамдарды ачык бузуу" деп билдирди. Ал кошумчалагандай, бул окуя боюнча иликтөө «эң жогорку деңгээлде» башталган.
Ошол эле учурда Израилдин 12 каналы израилдик бир аткаминер Трамп Катардагы Хамастын жетекчилигине каршы операцияга "жашыл жарык" бергенин айтты. Расмий кошумчалагандай, Вашингтон кол салуудан мурда кабардар болгон.
Бул окуя боюнча маалыматтар дагы толукталууда.