АКШ президенти Дональд Трамп Украина президенти Владимир Зеленский жана бир катар европалык лидерлер менен виртуалдык жолугушууга катышат, деп Ак Үйдүн өкүлү Анадолу агенттигине тастыктады.
Бул маалымат шаршемби күнү, Германия канцлери Фридрих Мерц АКШ президенти, Зеленский жана башка европалык жетекчилерди чакырганын билдиргенден бир күн өткөндөн кийин, атын атагысы келбеген расмий өкүл тарабынан айтылды.
Жолугушуу Трамптын Орусия президенти Владимир Путин менен Аляскада жолугушуусуна эки күн калганда өтөт.

Германия өкмөтүнүн өкүлү Штефан Корнелиус виртуалдык сүйлөшүүлөр "Орусияга басым көрсөтүүнүн кошумча жолдорун" жана "тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даярдык көрүү, ошондой эле аймактык талаптар жана коопсуздук кепилдиктери боюнча суроолорду" талкуулоого багытталганын билдирди.
Жолугушууга Германия, Финляндия, Франция, Италия, Польша, Улуу Британия жана Украинанын лидерлери, ошондой эле Европа Комиссиясынын президенти, Европа Кеңешинин башчысы, НАТОнун башкы катчысы жана АКШнын вице-президенти катышат.
Ак Үй шейшемби күнү Трамптын Путин менен боло турган саммитине карата күтүүлөрдү төмөндөтүп, аны АКШ лидери үчүн "угуу машыгуусу" деп атады.
Ак Үйдүн өкүлү Каролин Левитт жолугушуу жума күнү Аляскадагы эң чоң шаар Анкориджде өтөрүн тастыктап, анын максаты Трамптын "бул согушту кантип токтотуу жолдорун жакшыраак түшүнүп кетүүсү" экенин айтты.
"Бул согушка катышкан тараптардын бирөө гана катышат, ошондуктан бул президент үчүн согушту токтотуу жолдорун так жана жакшыраак түшүнүү үчүн мүмкүнчүлүк,"-деп ал журналисттерге билдирди. Зеленский Аляскадагы сүйлөшүүлөргө катышпай турганын да белгиледи.
Ал жолугушуу Путиндин өтүнүчү менен уюштурулуп жатканын баса белгиледи.
Алдыдагы сүйлөшүүлөр 2021-жылдын июнь айында Женевада, Швейцарияда, Путиндин ошол кездеги АКШ президенти Жо Байден менен жолугушуусунан бери биринчи жолу АКШ жана Орусия президенттеринин бетме-бет жолугушуусу болот.
Ошондой эле бул Орусия президентинин 1867-жылы Орусия империясы бул аймакты АКШга саткандан бери Аляскага биринчи жолу баруусу болуп эсептелет.