АКШнын президенти Дональд Трамп жекшемби күнкү билдирүүсүндө, айрым Европа лидерлеринин дүйшөмбү же шейшемби күнү Америка Кошмо Штаттарына келип, Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту чечүүнүн жолдорун талкуулай турганын кабарлады.
Нью-Йоркто өткөн АКШнын ачык теннис турниринен кайтып келгенден кийин журналисттерге маалымат берген Трамп жакында Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшөрүн да айтты.
“Айрым европалык лидерлер дүйшөмбү же шейшемби күнү өлкөбүзгө өз-өзүнчө келишет”, – деди Трамп.
Трамптын кайсы лидерлерди айтып жатканы так эмес жана Ак үй бул тууралуу кошумча маалымат берүү өтүнүчүнө дароо жооп берген жок.
Жекшемби күнү кечинде Киевдеги башкы өкмөт имаратынын өрттөнүп кетишине себеп болгон орус аба соккусу тууралуу украин жетекчилеринин суроолоруна Трамп Орусия-Украина согушунун азыркы абалына "канааттанбаганын" кошумчалады.
Бирок ал дагы бир жолу согуш жакын арада чечилет деген ишенимин билдирди.
Трамп “Орусия-Украина маселеси, биз аны чечебиз”, – деди.