31 жаштагы Насируддиндин сөөгү өткөн бейшемби күнү Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы Кохистан аймагында кичирейип бара жаткан Леди Медоус мөңгүсүнүн четинде жергиликтүү тургундар тарабынан табылды.
Өздүгүн аныктоочу карта менен жакшы сакталган сөөк 31-июлда жергиликтүү чабан тарабынан табылып, шаршемби күнү жерге берилди.
Бир гана ысым менен билинген Насируддин үй-бүлөлүү жана эки баланын атасы болгон.
Үй-бүлөсүнүн айтымында, Насируддин жана бир тууганы 1997-жылы айылдагы чыр-чатактан улам тоолорго качып кетишкен жана бир колотко түшүп кеткен. Бир тууганы аман калган, бирок Насируддинди табуу мүмкүн болгон эмес.
Бардык жерден издешти
Пакистанда мөңгү эрип, 28 жылдан кийин табылган Насируддиндин сөөгүнүн табылышы менен үй-бүлөсү бир аз жеңилдегенин билдирди. Маркумдун жээни Малик Убайд AFPге телефон аркылуу берген маегинде: "Үй-бүлө аны табуу үчүн көп жылдар бою бардык жолдорду колдонуп көрдү", - деди.
Убайд: “Туугандарыбыздын баары сөөктү табуу үчүн мөңгү турган аймкка көптөгөн жолу барышты бирок акырында анын мүмкүн эмес экендигин билип баш тартышты. Эми сөөктүн табылышы менен жеңилдедик”,- деди.
Ылдам эрип бараткан мөңгүлөр
Кохистан – Гималай тоо кыркаларынын четине жайгашкан тоолуу аймак.
Пакистандын аймагында 13000ден ашуун мөңгү бар, бул сан полюстардан тышкары дүйнөдөгү эң чоң көрсөткүч.
Бирок, адам иш-аракеттеринен улам келип чыккан климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу глобалдык температуранын жогорулашы мөңгүлөрдүн тез эришине алып келүүдө.