САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Израилдин аскердик жетекчилиги Газаны ээлөө пландарынын негизги багыттарын бекитти
Аскердик планды жактырганы тууралуу кабар Хамастын жогорку даражалуу делегациясы Каирге Египеттин расмий өкүлдөрү менен убактылуу ок атышпоо боюнча “алдын ала сүйлөшүүгө” келгенин жарыялагандан бир нече сааттан кийин чыкты.
Израилдин аскердик жетекчилиги Газаны ээлөө пландарынын негизги багыттарын бекитти
Израилдин Башкы штабынын башчысы Эйал Замир Газаны басып алуу планын бекитти. / AP
13 Август 2025

Израилдин аскер башчысы Газаны басып алуу боюнча операциялык пландын «негизги алкагын» бекитти деп, армия шаршемби күнү билдирди.

Аскердик билдирүүдө Эял Замир бул пландын бекитилишин Генералдык штаб форумунда, Израилдин ички коопсуздук агенттигинин (ISA) өкүлдөрү жана башка командирлер менен болгон жолугушууда жарыялагандыгы айтылат.

«Талкуу учурунда Израилдин коргонуу күчтөрүнүн (IDF) азыркыга чейинки аракеттери, анын ичинде кечээ (шейшемби) күнү башталган Зейтун аймагындагы сокку тууралуу маалымат берилди», – деп билдирүүдө кошумчаланган.

Мында «Газа тилкесиндеги кийинки этаптар үчүн борбордук концепция көрсөтүлүп, саясий жетекчиликтин көрсөтмөсүнө ылайык бекитилди» деп белгиленген.

ТийиштүүTRT Global - Netanyahu vows to pursue 'historic and spiritual mission' for 'Greater Israel' plan

Израилдин күчөгөн чабуулдары

Газадагы жарандык коргонуу агенттиги Израилдин абадан соккулары акыркы күндөрү күчөгөнүн, Зейтун жана Сабра сыяктуу турак жай аймактары «жарандык үйлөрдү, балким, көп кабаттуу имараттарды бутага алган өтө катуу аба соккуларына» кабылганын билдирди.

Нетаньяху өкмөтүнүн Газадагы согушту 22 айдан ашык убакыттан кийин кеңейтүү пландары эл аралык нааразычылыкты жана ички каршылыкты жаратууда.

БУУнун колдоосу менен иштеген эксперттер аймакта кеңири ачарчылык коркунучу бар экенин эскертишти, анткени Израиль гуманитардык жардамдын киргизилишине катуу чектөө киргизген.

Газа саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Израилдин Газадагы согушу 61599 палестиналыктын өмүрүн алды.

ТийиштүүTRT Global - UN chief warns Israel over reports of sexual abuse by armed forces
Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us