ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Эрдоган: Кытай менен карым-катнашыбызды өнүктүрүүгө аракет кылып жатабыз
Президент Режеп Таййип Эрдоган Анкаранын ар дайым Украина-Орусия согушунун сүйлөшүү жолу менен чечиле аларын баса белгилегенин айтты.
Эрдоган: Кытай менен карым-катнашыбызды өнүктүрүүгө аракет кылып жатабыз
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкаранын Бээжин менен мамилесин өнүктүрүүгө аракет кылып жатканын белгиледи. / AA
3 Сентябрь 2025

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган шейшемби күнкү билдирүүсүндө, Кытайдын Түркиянын аймактык маанисин жана таасирин түшүнгөнүн белгилеп, Анкаранын Бээжин менен мамилелерди өнүктүрүү үчүн аракет кылып жатканын айтты.

Эрдоган бул тууралуу Кытайдын Тяньцзинь шаарынан кайтып келе жатканда учакта журналисттерге билдирүү жасады.

АКШ менен Орусиянын лидерлеринин ортосунда Аляскада өткөн саммитке байланыштуу Түркиянын президенти бул сүйлөшүүлөрдү негиздүү деп атап, Орусия-Украина согушун токтотуунун бирден-бир жолу тынчтыкка багытталган диалог экенин билдирди.

Анкаранын башынан эле Украина-Орусия согушу сүйлөшүүлөр аркылуу чечиле аларын баса белгилеп келгенин айткан Эрдоган: "Стамбулдагы сүйлөшүүлөр бул жолдун ачык экенин далилдеди", - деп кошумчалады.

Эрдоган ошондой эле Орусия-Украина тынчтыгы үчүн үмүттөрдү "чечимге багытталган мамиле жана конкреттүү натыйжаларга" айландырууга чакырып, бул процесске лидерлердин деңгээлинде катышуунун маанисине көңүл бурду.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда кол коюлган акыркы келишимге да токтолгон Эрдоган, Зангезур коридорунун негизинде түзүлгөн тынчтыктын аймактагы авто жана темир жол тармактарын активдештире турганын, чек ара дарбазаларын ача турганын, айрыкча соода тармагына оң таасирин тийгизерин баса белгиледи.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us