ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Жалган маалымат менен күрөш Израилдин медиа кабарларын четке какты
Анкара израилдик министрге карата болжолдонгон кол салуу планына атынын аралаштырылышынын Палестина саясатын бутага алган жалган маалымат кампаниясынын бир бөлүгү экенин белгиледи.
Жалган маалымат менен күрөш Израилдин медиа кабарларын четке какты
/ AA
5 Сентябрь 2025

Коммуникация башкармалыгынын жалган маалыматка каршы күрөшүү борбору (DMM) Израилдин кээ бир маалымат каражаттарынын Түркиянын израилдик бир министрди өлтүрүү планы менен байланыштырылышын четке кагып, муну атайылап каралоо кампаниясынын бир бөлүгү экенин белгиледи.

Билдирүүдө : «Израилдик бир министрге кол салуу планы тууралуу кабарда биздин өлкөнүн аталышы Израилдин кээ бир маалымат каражаттарында Түркияга каршы атайын жасалган жалган маалымат кампаниясынын натыйжасы»,- деп айтылды.

Борбор Израиль медиасында жаңы бир абал катары көрсөтүлгөн окуянын чындыгында сегиз ай мурда болгон окуяга таянганын баса белгиледи.

Билдирүүдө :«Кармалган адамдардын Түркия менен эч кандай байланышы жок деген сөздөрү Кызыл Кресттин өкүлдөрү тарабынан тастыкталды», — деп айтылды.

Билдирүүдө бул кабарлардын негизги максатынын эл аралык аренада Түркияга карата жаңылтуучу түшүнүк жаратуу жана Түркиянын Палестина тууралуу позициясын алсыратуу экендиги белгиленди. “Бул кабардын негизги максаты эл аралык коомдук пикирде Түркияга каршы жаңылтуучу жана атайылап бир пикир жаратуу жана муну менен Түркиянын Палестина саясатына зыян келтирүү”,- деп айтылды.

Анкара коомчулукту жана эл аралык бийликти Түркияны бутага алган “жалган маалыматтарга жана кара үгүт иштерине” көңүл бурбоосун талап кылды.

Газадагы геноцид башталгандан бери Түркия Израилдин эң катуу сынчыларынын бири катары Тель-Авивди көптөгөн жолу геноцид кылуу менен айыптап, эл аралык соттор алдында жооп берүүгө чакырды.

Анкарадагы жетекчилер Түркияны террорчулукка же аймактык кутумдарга байланыштырган каралоо кампанияларынын өлкөнүн Палестинаны колдоо боюнча дипломатиялык позициясын алсыратуу аракетинин бир бөлүгү экендигин билдиришти.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us